Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айзуура Иманалиева: “Түшүмдѳ атамды кайрадан тирилтүү менен убарамын...”

Айзуура Иманалиева: “Түшүмдѳ атамды кайрадан тирилтүү менен убарамын...”

06-июнь, 14:57
2 060 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Элмирбек Иманалиев атындагы коомдук фонд негизделди. Маалыматты төкмө акындын кызы, фонддун негиздөөчүсү Айзуура Иманалиева билдирди.

"Ый менен адамды артка кайрый албайт экенбиз. Мындай оор жоготууну экинчи ирет жашап жатабыз. Түшүмдѳ атамды кайрадан тирилтүү менен убарамын. Мындайда ойгонгум келбейт…
Бирок ѳзүмдү колго алып, экинчи ѳмүрүн узак жылдарга жашатууну тилек кылып, атамдын бир туугандары менен биргеликте "Элмирбек Иманалиев атындагы коомдук фондун" ачууну туура көрдүк. Анткени учурда атамдын талантын баалап, анын иштеринин улануусуна кызыкдар замандаштарыбыз бар экен. Бул, албетте, көңүл жылытат. Ошондуктан чар-жайыт иш жүргүзбөй, бир фонддун алдында иш алып барсак туура болчудай. Анын үстүнө ѳлгѳн адамдын атын жамынып, каражат табуунун айласын кылгандарды да кѳрүп келгенбиз. Биз андай жоруктарга жол бербей, моралдык жоопкерчиликти колго алдык. Бул фонд коммерциялык эмес, материалдык пайда табууну көздөбөйт, буюрса, адамдын жандүйнѳсүн азыктандырчу казына болот. Фонддун төрагасы болуп атамдын бир тууган агасы дайындалды. Кызыкдар тараптар менен кызматташууга даярбыз", - дейт ал.

Төкмө акындардын төрөсү болгон акын, обончу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиев 20-апрелде оорудан улам каза болгон. 

Супер.кж

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер