Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Карантинде ийгилик жараткандар

Карантинде ийгилик жараткандар

23-май, 21:26
600 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эки айга чукул убакыт үй карантининде отурдук. Айрымдар карантинде  отурганды жактыра бербей, ар кандай сөздөр айтылды. Ал эми тынымды билбеген мээнеткечтер карантин учурун пайдалуу иштерге багыттап, бүтпөгөн иштерин аягына чыгарып, жаңы нерселерди жаратып, айтор, нааразы кептерден алыс болушту. Ошондой мээнеткеч айымдарыбыздын айрымдары карантинде өткөргөн күндөрү тууралуу ой бөлүштү.


Нуркыз Караева, теле алпаруучу: “Карантин турмушка болгон көз карашты өзгөрттү

-- Карантиндин алгачы күндөрү үйгө көнбөй кыйналдык. Көп кабаттуу үйдө жашагандыктан үч бала менен бир топ эле түйшүктүү болду. Бир жумадан кийин көнө баштадык. Карантиндин да пайдалуу жактары көп болду, маселен, телефонго видео тартып, аны дароо монтаждаганды үйрөндүм. Социалдык тармактагы блогер менен чогуу видео тартып монтаждоого ашыктым. Смартфондун чыныгы пайдасын эми билдим окшойт. Мага үйдөн мындай иштөө жакты. Азыр дагы көп идеялар башымда жүрөт. 

Кыйынчылыктар да болбой койгон жок. Алгач үйдүн бөлмөсүндөгү жарык берүү туура эмес болду. Үндү жаздыруу, туура формат табуу түйшөлттү. Анан албетте, интернет өтө начар иштеп жатты, өзгөчө ушул күндөрү. Бир видеону 12 саат телеграммга жүктөөгө туура келип жатты. 

Кудай кааласа, карантин бүткөн соң үйдүн ремонтун баштайбыз. Ошондо бөлмөлөрдү съемкаларга ылайыктуу кылсакпы деп ойлоп атабыз. Себеби, балдарыма да өтө кызык болду мындай иштөө. Кийин деле айрым съемкаларды үйдөн тартып монтаждасак болот экен. Албетте, дагы тажрыйба топтош керек.

Коронавирус, карантин турмушка болгон көз карашты бир топ эле жаңы нукка бурду. Биринчиден, үнөмдүү болуп калдым. Балдарым менен жакындан тааныштым”. Улуу балам Шабдандын жөндөмү күчтүү экен. Жок нерседен бар кылып, бөбөктөрүнө оюнчук жасап берип жатты. Андан кийинки кызым Бунаят тили жакшы чыкпай атты эле, кечке сүйлөшүп жатып, эми тынбай сүйлөй баштады (күлүп). Кубанычыбызда чек жок. Ал эми кенже уулубуз болсо биз баарыбыз үйдө болгондуктан ал үчүн күндө майрам болуп жатат.


Каныш Нурди, скрипкачы: “Жүрөгүмө жаккан чыгармаларды жараттым”

-- Карантин мага жакты. Мурда сабакта, жумушта жүрүп, өзүм үчүн, чыгармачылыгым үчүн убакыт абдан ченелүү эле. Карантинде көптөгөн өзүмдүн жүрөгүмө жаккан чыгармаларды иштеп чыктым. Экинчиден, жашоо, турмуш тууралуу көпкө ойлонуп, динге байланыштуу суроолорго жооп издеп, ал тараптан өзүмдү өнүктүрдүм. Суроолорума жооп таптым. Интернет мүмкүнчүлүгү чексиз эмеспи. Психологиялык сабактарга, араб тилин үйрөнүү боюнча видеосабактарга жазылып, өзүм үчүн көп жакшы нерселерди алдым. 


Жамиля Нурманбетова  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер