Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Келдибек Ниязов: “Биз той-аштарга тапканыбызды чачып келдик...”

Келдибек Ниязов: “Биз той-аштарга тапканыбызды чачып келдик...”

23-май, 13:51
606 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Келдибек байке, коменданттык саат бүттү, эми карантин дегени калды. Негизи, бул нерселерди кандай өткөрүп жатасыз? 

-- Мыйзамды сыйлаган кыргыз жараны катары жогору жактагылардын айтканын айткандай кынтыксыз аткарып келдик, улантып жатабыз. Шахмат, шашки, дойбу, карта боюнча үй-бүлөлүк турнир өткөрдүк. Пенсиямдын бир бөлүгүн байгеге чегердим. Акча бар жерде талаш-тартыш, бир аз нааразылыктар болду. Неберелерим биздин колдо болгондуктан сабактарына колуман келген жардамымды кылдым, бош учурда короодо спорт менен машыгып атышты. Макал-лакаптардан түзүлгөн табышмак ойнойбуз баарыбыз. Ушундайда убакыт бат өтөт экен. Айткандай, коменданттык сааты өтүп кетти, эми карантин дегенине да чыдайбыз да. Ушул азырынча.

-- Элибиздин башына түшкөн ушул күндөр катуу эле сабак болуп, мындан аркы жашообузга өзгөрүү, жаңылануу болор бекен?

-- Сурат, бул сурооңо эки мисал менен жооп берейин. Февраль айынын орто ченинде жакын тууганымдын кызына сөйкө салып кетишкен, марттын аяк ченинде алып кетебиз дешип. Кудай бетин салбасын, иним “кызымды 200-300 киши чакырып тойканада узатам” деп тойтоңдоп жаткан. Кыз алган жак болсо “600-800 кишиге эң алдыңкы тойканада той берем” деп чамынып жатышкан. Анан бул илдет жайылып кетип, сүйүнүчтүн баарына суу сээп салбадыбы! Айла жок, кудалар акылдашып “бүлөө биздики, ушундай убакта эки жаш дагы чогуу сезишсин деп карантинде лимузин эмес эле жөнөкөй машина менен күйөө бала жолдошу, жеңеси менен келип, күндүзү бир сааттын ичинде алып кетишти. Алар деле 10-15 эле киши чакырышып нике кыйышты дешти. Молдоке баягыдай жарым саат божурабай, атасынын буту баспаган араб дааватын айтып отурбай, 10 мүнөттө ишин бүтүрүп чыгып кетти дейт. Эки куда акылдарына келишип, тойлорду токтотушуп, келин алган тарап 70 пайыз,  кыз тарап 30 пайыз акчаларын чыгарышып, эки жашка эки бөлмөлүү квартира сатып беришти. Ушул тапта эки жаш өздөрүнүн үйүндө “бал айы карантинин” өткөрүп жатышат дешти. Жалпы карантин бүткөндө эки жактан кудалар чогулушуп жаңы үйүнө барып баталарын беришет экен. Көрдүңбү Сурат, обу жок ырым-жырымдарга, ысырапкорчулукка жол беришпей, акылдарына келишти.

-- Мунуңуз сөз кыла турган иш экен. Эми бул салт жалпы элге жайылар бекен?

-- Коё тур, экинчи мисалымды да айтайын. Ушул карантин убагында айылда бир инилер каза болуп, өтө жакын туугандар жана үй-бүлөсү менен эле жайына узатышты. “Баягыдай чабылып мал издеген жокпуз, казан-казан эт, кап-кап боорсок жасалган жок. Килемге отуруп алышып молдолор биринен-бири өтүп жаназа түшүрүшпөдү, биринен бири өтүп эки сааттык дааваттарын айтышпады. Баардык шарты менен эле татынакай узаттык” дешти. Муну дагы эске тутсак болот. Көрсө, биз ураалап той-аштарга тапкан-ташыганыбызды чачып жүргөнүбүз оркойуп көрүнүп калбадыбы. Азыр той бергендердин көбү гумжардам күтүп отурат. Биз менен чогуу жашаган бөлөк улуттар үнөмдөгөн каражаттарына кайра бизге гумжардам берип жатышпайбы. Уялып өлөсүң, болду ушуну менен токтойлу, болбосо болкулдап ыйлайбыз...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер