Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айгерим Саматова, актриса: «Өзүн экинчи планга коюп койгон айымдын жашоосун аткардым”

Айгерим Саматова, актриса: «Өзүн экинчи планга коюп койгон айымдын жашоосун аткардым”

12-март, 21:30
20 253 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айгерим, чыгармачылыкта кандай жаңылыктар бар? Жаңы тасмаларга тартылып жатасыңбы?

-- Кечээ жакында эле “Келин темир эмес” аттуу долбоордо башкы каармандын ролун ойнодум. Турмушка чыккандан кийинки бул биринчи чоң долбоор болду. 

-- Каармандын образы кызыктырып калды...

-- Каарманым күнүмдүк түйшүккө баш-оту менен түшүп кеткен бир айым, үй оокаттары, бала деп жүрүп өзүн экинчи планга коюп койгон айымдын жашоосу. Бүгүнкү замандаш келиндердин турмушу сүрөттөлөт. Албетте, тамаша аралашкан учурлар дагы бар. 

-- Үй-бүлөлүк жашоо кандай сезим тартуулоодо?

-- Үй-бүлөлүк жашоого көнүп калдым, жакшы сезимдер болуп жатат. Жаңы өзгөрүүлөр, жаңы сезимдер, айрыкча жакында эне болорумду билген сезимдер өтө жакшы көз ирмемдер менен коштолууда.

-- 8-март, жаз майрамдары ар бир аялзаты күткөн майрам болсо керек...

-- 8-мартты өтө деле күтүп, чоң бир майрам катары деле көрбөйм, негизи эле ушундай майрамдарга жокмун. Туулган күндөрдү да өтө эле баса белгилеп тосо бербейм. Гүлдөргө кызыгам, айрыкча сыртта өскөн гүлдөр, розалар, жазгы жоогазындар жагымдуу. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер