Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айназик Сатимбаева, модель: “Саясатчылардан эч кимди баалабайм, кызыкпайм деле...”

Айназик Сатимбаева, модель: “Саясатчылардан эч кимди баалабайм, кызыкпайм деле...”

19-февраль, 21:30
3 346 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айназик, күйөрмандарга, окурмандарга кандай жаңылыктарың бар?

-- Мен мурдагыдай кино, клиптерге тартылбай калганыма 6-7 жыл болду. Азыр бизнес баштап, айымдар кийими менен өзүбүздүн эле дүкөндө модель болуп иштеп жатам. Ал эми ар кандай иш-чараларга азыр барбайм деле. 

-- Тасмага чакыруулар болуп жатабы? Кандай образ жараткың келет?

-- Чынын айтсам, мурдагыдай каалоом, шоу бизнеске аралашайын деген пландарым жок. Мындан аркы жашоомду бизнес менен байланыштырып элестетем.

-- Сага суктанып, колуңду суроого кызыкдар мырзалар көп. Жеке жашооңдо кандай жаңылыктар бар?

-- Негизи турмушка чыгып, эки ай жашагам. Балалуу болгон эмеспиз. Учурда бойдокмун. Азырынча турмушка чыгайын деген план деле жок. Буюрганын көрөбүз да.

-- Саясатка кызыгасыңбы? Баалаган саясатчыларың кимдер?

-- Саясатка кызыкпайм, эч кимди деле баалабайм. 

-- Айрым ушактар ачуулантабы?

-- Ушак сүйлөгөндөр болгон, боло берет. Азыр ага да анчалык көңүл бурбайм, бирок угуп калсам, албетте, ачуум келет. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер