Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айдана Дека "кыска, ачык кийинесиң" дегендерге жооп узатты

Айдана Дека "кыска, ачык кийинесиң" дегендерге жооп узатты

04-октябрь, 18:05
599 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ырчы Айдана Дека "хейтерлерим дээрлик жок, кээде эле кийимиме асылгандар болот" дейт. Бул туурасында ал Kaktus.kg сайтына берген маегинде айтты.

"Кээде менин кийингениме "кыска, ачык кийинесиң, сен деген келинсиң, энесиң" деп асылып калышат. Балким, айрымдарга мындай кийинүү чындап эле туура эмес болушу мүмкүн. Эгер менин жолдошум, ата-энем колдобосо, мен деле азыркыдай кийинмек эмесмин. Мен чыгармачыл адаммын. Келин болдум, эки балалуу болдум деп эле улуу эже болуп калган жокмун. Мен баягы эле жаш кызмын. Өзүмдүн чегимди билем, андан чыкпайм. Өзүмө жарашат. Азыр "аябай мактанчаак экен" дешпесе болду. Бирок өзүмө, жолдошума жагат. Өтө эле чектен чыкпайм, мага канчалык уруксат берилсе, ошол чектен ашпайм. Кийинчерээк башка образдарда чыгам" деди ал.

Ырчы кайын журту чоң колдоо көрсөтүп, шык берип турарын айтып, аларга ыраазычылыгын билдирди.

"Кайын журтум деп эч качан айтпайм, дайыма атамапам дейм. Алар аябай колдойт, "кой, келинибиз ырдабасын" десе, ыйлактап калып калмак болушум керек. Балким суранмакмын, бирок атам менен апам ушул күнгө чейин "ырда, өзгөчө костюмдарды тиктир" дешет. Апам "бийлебей калдың, бийиңди таштаба, сахнага чыкканда кыздар менен бийлеп чык" дейт. Социалдык тармактардан комментарий жазып турат. Кайнежем дагы колдоо көрсөтүп келет. Жолдошум экөөбүздү иштегиле деп турушат" дейт.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер