Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Кызсайкал Кабылова: “Кудай буюрган күнү турмушка чыгам деген ойдомун”
Кызсайкал Кабылова: “Кудай буюрган күнү турмушка чыгам деген ойдомун”
09-август, 12:27


Интернет желесинде “ырчы Кызсайкал Кабылова турмушка чыгып жатабы? Сөйкө салуу аземи болуп жатат” деген өңдүү суроолор күйөрмандар арасында желдей тарады. SUPER.KG порталы ырчынын өзү менен байланышып, төмөнкүдөй жооп алган.
“Турмушка чыккан жокмун. Бул үй той. Жакын туугандарыбызга той бердик. Ал эми менин эң жакын курбум Айгерим (ред.: Айгерим Эшим) мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай Инстаграм баракчасына “сөйкө салуу аземи” деп киргизип койгон экен. Мен аны башында байкаган эмесмин, кийин байкап калып, мен да киргизип койдум (күлүп). Эч кандай турмушка чыккан жокмун. Азырынча 1-2 жылдын ичинде турмушка чыгуу планымда жок. Кудай буюрган күнү турмушка чыгам деген ойдомун. Турмуш жолуна аттанганда сөзсүз түрдө кабарлайм” дейт ырчы.










