Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түмөнбай Колдошев: “Чокуга умтулуу болуп турганда ыр, музыка да түгөнбөйт”

Түмөнбай Колдошев: “Чокуга умтулуу болуп турганда ыр, музыка да түгөнбөйт”

13-июль, 13:30
793 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Менин жеке баамымда, кошуна өлкөлөрдө, ошол эле казак, өзбек туугандарда аккордеон кеңири жайылбагандай сезилет. Ал эми бизде жакшы, Рыспай Абдыкадыров, Чубак Сатаев, Түгөлбай Казаков, Бабаравшан Тургунбаевдерден кийин силер чыгып жатасыңар, бул кубанарлык көрүнүш. Өзүңдүн окуу жайыңда да силердин ишиңерди андан ары улай турган мыкты балдар өсүп келатыптыр. Ушул музыкалык аспаптын өтмүшү, учуру, келечеги жөнүндө учкай кеп кылып өтсөң.

-- Бул музыкалык аспаптын мекени Германия деп жүрөбүз. Казакстанда казак музыканттары аккордеонго караганда баянды жакшы ойноп жүрүшөт. Өзбекстанда аккордеонду сейрек колдонушат. Колдонсо да клавишасын гана үндүк өзгөчөлүк катары пайдаланышат. Ал эми бизде согуштан кийинки жылдардан кийин кыргыз музыкасында активдүү аралаша баштады. Тагыраак айтканда, Мамат Оморов, Калыйбек Тагаев, Рыспай Абдыкадыровго окшогон обончуларбыздын келиши менен аккордеон улуттук аспап деңгээлине көтөрүлдү. Ал деңгээлге жеткен негизги себептеринин бири деп Рыспай Абдыкадыровду айтышыбыз керек. Бу киши обончу катары кыргыз музыкасына жаңылыкты аккордеондун жардамы менен киргизди. 1962-жылы өзүнүн “Түгөйүм” аттуу ыры менен кирип келди. Эми кантип бизге жакын болуп калды? Мен ойлойм, кыргыз музыкасынын же обончулук өнөрүнүн диапозонунун кеңирилиги, ар түрдүүлүгү себеп болду. Кыргыз музыкасында ырдын муун өлчөмү өзгөрүлмө, же болбосо сынган обондор өтө көп. Алагушев, Дүйшалиев сыяктуу музыка таануучулар “кыргыз обондорунун табияты кенен, фольклордон тартып профессионал музыкабызга чейин европалык музыкага жакын” деген ойду айтышкан. Ошондой өзгөчөлүктөрүбүз менен бул музыкалык аспапты өзүбүзгө сиңирип, комузду кандай деңгээлге көтөрсөк, ошол деңгээлде пайдалана алдык.

-- “Поэзиядан, музыкадан дагы аккорддорду кездештирүүгө болот” деген жакшы сөзүң бар. Чынында эле живопись сүйлөй албаганды поэзия айтып, поэзия айталбаганды музыка жеткирет. Искусство таануунун булагы бир сыяктуу. Мыкты обончуларыбыздын поэзияга ыкташканын билебиз. Поэзияга ыктоо өзүңдө да бар. Дегеле, жакшы кайрыктардын күчү кайдан келет?

-- Аккорддор – кош үндөрдүн тең добуш бериши катары айтылат. Музыкада деле, поэзияда да катар колдонулуп жүрөт. Рыспай Абдыкадыров жазган “Мен айрылсам, сен да менден айрылдың” деген текстке Атайбек Бөдөшев обон жазган. Калмурат Рыскулов деген мыкты акын болгон экен. Акын болуп обончулукту кошо алып жүргөндөр арбын. Мукай Элебаев, Касым Тыныстанов, Насирдин Байтемировдорду айтсак болот. Атантай Акбаров акын, обондору да бар. Мен дагы башында ыр жазчумун. Кийин музыкага аралашкандан кийин карасам, жазганым сөздөрдүн тизмеги болуп калыптыр. Рамис айтты бекен, айтор, кайсы бир акындын “жаман акындын жазбай койгону – поэзияга кошкон чоң салымы” деген сөзү бар, мен дагы поэзияга кошкон салымым ушул болсун (!) деп жазбай койдум.

Обончулугумда бир аз сергек, идиректүү кайрыктар анча-мынча учурап калгандыгына байланыштуу мен өзүмдү обончу катары издейин, изденейин, ушул жактан бир жыйынтык чыгарайын деген чечимге келдим. Обондогу жакшы аккорддор бул – поэзиянын күчү.

-- Сен койгон концерттериң аншлаг менен өтөт, бирок бир күндөн эле концерт бересиң, эмнеге? 

-- Тамашалап айтып калам, “мен эми эмгек сиңирген артис болсом экен, эмгек сиңирбей наамды алып алып, тү-үй ата, эмгек сиңириш керек турбайбы...” дебей. “Жети күнкү жамгырдан желип өткөн суу жакшы” дегендей, бир айлап, үч-төрт күндөп концерт койбостон, тамчылатып сугаруу дегендей, бир күндөп концерт берип турайын. Эки күн концерт берген күндөргө да Кудайым жеткирсин, ага мен даярданышым керек. Менин энергиям кетет. Фонограмма менен ырдаганды жаман көрөм. Элге дайым жүрөктөгү бар нерсемди ысык, булоосу чыгып тургандай абалда беришибиз керек да.

-- Флейта, сыбызгы, чоор, дудук өңдөнгөн музыкалык аспаптар мага жагат. Алар тирүү сезилет. Себеби, анда ойногон киши өзүнүн эмоциясын, сезимин кошуп үйлөп жаткандыгы үчүн го. Ал эми рок музыка, поп музыка, оор рок деп темир тарелкаларын, барабандарын калдыраткандар эмнегедир муздактай сезилет. Музыкалык аспаптар жандуу, жансыз болуп бөлүнөбү?

-- Ойлонто турган суроо бердиңиз. Аспаптын баары жансыз. Бирок, адам деми менен, адамдын катышы менен алар жандууга айланышат. Флейтаны үйлөп, аны сулуулантып, ажарлантып атасыз. Аккордеонду да, комузду да манжалары менен күүгө келтирип, адамдын катышы менен жандуу болот. Кийим сыяктуу эле: кийсең сулуулантат, кийбесең ал бир жөн гана чүпүрөк.

-- Адамдын үнү өткөргүч касиетке ээ экен. Адамдын үнүн угуп эле анын ким экенин билсе болобу?

-- Болот, мен буга бир аз кененирээк токтолоюн. Эмне үчүн Токтогул Токтогул болгон, Жеңижок Жеңижок, Атай Атай, Коргоол Коргоол, Калык Калык, Боогачы Боогачы болгон? Бүгүнкү күндө Каныкей Каныкей, Саламат Саламат, Түгөлбай Түгөлбай болду. Мисалы, Атай Огонбаев өзүңүздөр айтмакчы, кең Таластан чыккан мезгилде ага катарлаш эле өрөөндүн бурч-бурчунан да башка ырчылар чыккан. Бирок Атай чыгып кетти, калган ырчылар калды унутулуп.

 Биринчиден, Атайдын табият берген үнүнүн тембри, өзгөчөлүгү болгон, Кудай берген экен. Экинчиден, аспапта ойноп калышы, комузда өтө чебер ойгонгон. Үчүнчүдөн, сырткы келбетинин сулуулугу. Төртүнчүдөн, ички интеллект көрөңгөсүнүн байлыгы. Адамда илим-билим болуш керек. Баскан-турганы, сүйлөгөн сөзү орундуу болуп, мамиле жасай билиши керек. Алтынчыдан, анда адамгерчилик, сыпайылык, мырзалык касиеттер болгон. Ушулардын баардыгы жуурулушуп төп келип, Атай Огонбаев аталган...

Сиз айтып жаткан үндүк өзгөчөлүк деген ырчылар үчүн өтө маанилүү. Илгери Асанкан Жумакматов Бүбүсара Бейшеналиевага айткан экен “бутуңду этият кылсаң, бутуңдан башка эмнең бар?” деп. Анын сыңарындай, биздин үнүбүздөн башка эмнебиз бар? Ким суурулуп чыгат, аны мезгил көрсөтөт...

-- “Музыка – күчтүү курал, жүрөк дабасы” дешет. Музыканын кайсы касиети адамга жакын? 

-- Музыканын бирден бир касиети – бактылуу кылганга, мүшкүлдү жеңилдеткенге жардамы деп ойлойм. Мисалы, менин обондорум минордук маанайдагы ырлар. Кайгы-муң, лирикалык сезимдер басымдуулук кылат. Рыспай агайдын мектеби болуп калыптанып калган муунбуз. Бирок, биздин да угармандарыбыз бар. Өмүр бою шаңдуу ырларды угуп жүрүүгө мүмкүн эмес. Эмне үчүн? Минордук маанайдагы жай темптеги ырларда классикалар көп. Себеби, адамдын табияты эс алууну каалайт. Жайбаракат жашоосун уланткан табияттын бир мүчөсү – адам. Ошол табият менен жуурулушуп жашап, суунун агымын тыңшап, куштун сайраганын угуп эс алабыз. Жаратылыш гармониясы менен үндөшкөн музыкадан кайсы гана тилде болбосун адам ырахат ала алат. Азыр дзюдо, йога менен алектенген тааныштарым бар, “комуз күүлөрүн коюп коёбуз, керемет” дешет... 

-- Өмүрдөгү эң кымбат нерселердин бири убакыт экен. Өткөрүп жибербей, бекер чачпай, кармап калса болобу? Кантип кармайбыз?

-- Дуулап жашаганды үйрөнүш керек экен. Канагат кылып, шүгүр кылып. Биз болсо жеңил жашоону икс-игрек-зет деп татаалдантып жиберет экенбиз. Жашоодогу тоскоолдуктарды кабыл алганды үйрөнүш керек. Мен да комплекстер менен жашайм, кыйналам дайыма. Убакытты өткөрбөй коюу биздин колубузда эмес, болгону “шамалды туура пайдаланыш үчүн тегирмен жасагыла” деп коюшат го, анын сыңарындай, мен бүгүн 35 жаштагы сүйүүнү ырдап, 36 жаштагы жашоотаанымды созуп, 37 жаштын ырын ырдай беришим керек экен (!) деген ойго келип жатам. 60 жашта 60 жаштын дүйнөтаанымын бере алган да адам баласы үчүн туура эле жол.

-- Адамда айбандык, адамдык, периштелик касиет болобу?

-- Адамда баардык касиеттер бар. Шекспир айткандай, биз театрдын актёру болуп жашап жүрөбүз. Ар ким өз кемчилигин жашырат. Чын-чынына келгенде өзүбүзчө дардайып жашагыбыз келет, бирок кыла албайбыз. Дардайсак да үйдө, тар чөйрөдө болушу мүмкүн. Ошондуктан, эжеке, идеал тутуу маселесине келебиз. Көп адамдын баскан-турганын жакшы көрүп туурап жүрсөк, улам жакындай берет экенсиң. Жакындан таанысак, ал деле сиз айтып жаткан касиетке ээ, сөгүнүп сүйлөйт экен. Кол шилтейт. Ошол жерден бийиктин ориентири жоголот тура. Адам баласын идеал тутпаш керек окшойт. Тутсаң да көзү өтүп кеткен адамды тутуш керек экен. Себеби, ал жаңылбайт. Ал пенделиктен өйдө көтөрүлүп кеткен.

-- Бүгүнкү күнү байлыктан, бийликтен баш тарткан дервиш адамдар барбы?

-- Бүгүн дервиштер жок. Жөө-жаландап жүрүп дүйнө тааныган адамдар жокко эсе. Бирок, кызматта иштеп жүрүп ошонун ырахатынан кол шилтеп кете албай калган деңгээлге жетип калбаш керек. Ар бир адам кызматка келдиби, кетерин да ойлой жүрүш керек. Кандай иш болсо да ак иштеген жол – туура багыт.

-- Обон жазып бүткөндө бир нерседен бошогондой жеңилдеп, өзүңдү таштайсыңбы, же дагы жазгың келе берген сезимдер да болобу?

-- Ар бир жазган обонум акыркы обонумдай сезиле берет. Обон жазып жатканда кандайдыр бир нерсе жүрөгүмдө калып кетет. Бир нерсени таппай кыйнала берем. Өзүмчө ойлоп коём, бул кийинкиге уютку болсо керек деп. Кайра ойлойм, адамдын жаны окшойт сыңарындай. Эгер ал чыгып кетсе дене жансыз калып кетиши мүмкүн.

-- Чыгармачылыкта жан чыгып бараткандай иштеп калат киши кээде...

-- Ооба, ал калып кеткен нерсе кийинкиге жакшы сезим берет. Обон бүткөндө кайра-кайра эле уга берем. Кайсы бир деңгээлде ошо менен жашайм. Кудайга шүгүр. Сиз туура айттыңыз, жүрөк бошойт. Бир обон жазганда кийинки обон тууралуу ойлонбойм, себеби, ал тарап мага бүдөмүк болот.

-- Поэзия бүтпөс ааламдай сезилет мага. Музыка дагы эч түгөнбөс дүйнөдүр...

-- Акындар жөнүндө айтайын, “Апа” деген тема бар, бул теманы тээ Адам ата заманынан бери ырдап келе жатабыз, түгөнбөйт. Себеби, ар бир апа башкача, ар бир апа улуу. Бул теманы эң көп даңазалаган Анатай Өмүрканов болду. “Нан жапса бышкан жерин мага берип, күйгөнүн өзү жейт” дейт. Ушундай эле окуяны Улукбек Омокеев да баяндап, “түндө келсем апам уктабай отуруптур, жатып алсам, үстүмдү кымтылап жаап, анан уктады” дейт. Мелис Маматжанов “апакемдин колдору тийгени үчүн айылдын жуубай жедим алмасын” дейт.

Баардыгыбыздын умтулганыбыз – бийик чоку. Бирөө ага сай менен, бирөө кыр менен барат. Чоку болсо улуулук, аруулук, чындык. Чокуга умтулуу болуп турганда ыр да, музыка да түгөнбөйт...


Динара Бейшеналиева 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер