Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » АНЖЕЛИКА: “Мен феминизмди, эч кандай бир жыныстагы инсандардын мамилесин колдобойм”

АНЖЕЛИКА: “Мен феминизмди, эч кандай бир жыныстагы инсандардын мамилесин колдобойм”

11-март, 15:10
1 391 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз эстрада ырчысы Анжелика аялдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулукка каршы митингге карата билдирүү жасады:

“Мен эч кандай феминизмди колдобойм. Эч кандай бир жыныстагы инсандардын мамилесин колдобойм. Туура көз караш менен жашашыбыз керек деп ойлойм жана аялзаты үйдө оокат кылбашы керек, кир жуубаш керек, баласын карабаш керек деген нерседен дагы алысмын. Кудай биздин колу-бутубузду бар кылып жараткандан кийин, ошол нерселерди туура жакка жумшашыбыз керек.

Бул жерде кеп эмне жөнүндө болуп жатат? Жубайы суранган жерге жарым саатка кечигип келсе, жолдошу өлтүрө сабап; же болбосо жолдошу ичип келип балдарынын көзүнчө жубайын аёосуз сабап, өрттөп жиберген учурлар болуп жатат. Ошол эле учурда аял кишини итче дагы көрбөй, унаанын аркасына сүйрөтүп, жаны чыккычакты кыйнаган зөөкүрлөр бар.

Мына ушул зөөкүрлөргө каршы мен өзүмдүн позициямды айтам: эгерде сиздин үй-бүлөңүздө жашы жете элек балаңызга, кызыңызга же өзүңүзгө кандайдыр бир кордук болуп жатса, ушул видеонун алдындагы номер аркылуу бизге байланышыңыз. Биз болгон күчүбүз менен жардам берүүгө аракетибизди жумшайбыз. Эң алгач психологиялык жактан жардам беребиз. Менин бир гана позициям бул –  аялзаты жалгыз калбашы керек.

Айымзат, сен жалгыз эмессиң! Сенин эжелериң, сиңдилериң бар. Эч качан чындыкты айткандан коркпо! Ар дайым күчүңө күч-кубат кошулуп, өзүңдүн күчүңө ишен!” деп айтканын «БарсМедиа» билдирди.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер