Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » “Биримдикке” Чыпалак Баатыр, Гүлзат Мамытбек, Кайрат Кыргыз да киреби?
“Биримдикке” Чыпалак Баатыр, Гүлзат Мамытбек, Кайрат Кыргыз да киреби?
04-март, 13:22

Самара Каримова “Биримдик” партиясына өтүп, Ош шаардык кеңешине аттанганы сын-пикир жаратты. Бул көрүнүшкө коомчулук жийиркенүүдө... Мынча болду, Самарага караганда элге жакын, популярдуу өнөрпоздорду байкабайлыбы? Маселен, Чыпалак Баатыр, Гүлзат Мамытбек, Кайрат Кыргызды алсак, булар дагы “Биримдикке” киришсе, жагымдуу маанай тартуулабайт беле? Эмесе, биз идея берип атабыз. Иш жүзүндө “Биримдик” партиясы лидерге жарыбай, алдыртан эле чүнчүп калышса, береги үч шоумен маанай көтөрөт эмеспи. Байкап көргүлө да?..
Aryba.kg










