Артта калдыңар! Анжелика тасма тартып, китеп жазып, долбоор ачууда...
Баардык ишке жетишип, ар бир күнү социалдык баракчасындагы пикирлери талкуу жараткан Анжелика дагы бир жаңылыгы менен бөлүштү.
“Менде эмнеге уйку жок дейсиздер? Жоопкерчилик. Ичиме батпаган идеялар! Ашып-ташып жаткан кыялдарым. «Эне жүрөгү» тасмасынын экинчи бөлүгүнө тартуу иштерин пландап, аз келгенсип, «Даамдуу жашоо» деген китеп жазып баштап алгам. Айтор, менин жандүйнөм кайнап жатканын айткым келди. 30 жашка толуп, акты-актай, караны-карадай көрүп баштадым. Реалдуу жашооңдогу термометриңди минуска түшүрүп албоонун себептери, абалдын таттуусу, ачуусу... Мелтиреген булактай береке, жердей сабыр, күндөй нур, карамелдей изюминка... Долбоорлордун эң алгачкы ачылышы: CARAMEL борбору. Таттуу жашоого жетелеген 24 саат бою уктабаган шаар, ресто-салон, аз күндө...”