Айзуура Иманалиева: “Төрөттүн алдында суу кетти... Ага чейин боенуп алгам”
Алпаруучу Айзуура Иманалиева жана диктор Мирзат Муканов экинчи ирет наристелүү болушуп, ага Мелек деген ысым ыйгарышкан. Ал эми Иманалиева экинчи төрөтү тууралуу Инстаграмда кеп кылып, маалыматы менен бөлүштү: “Көпчүлүккө кызык болгон толгоо, төрөт тууралуу кеп кылайын. Кош бойлуу кезимде мантыга абдан талгак болдум. 2-февраль күнү эжем манты жасап, конокко чакырганынан жетип баргам... Кечинде 11лер чамасында жолго чыкканбыз. Машинеге отурар замат ичим бир аз ооруй баштады. Анчейин маани берген жокмун. Анткени, мындай көрүнүштөр төрөргө жакын боло берет эмеспи. Үйгө келдик. Жолдошум “төрөткө чейинки процессте чогуу болом” дегенинен “эс алып турсунчу” деген ой келди. Балам экөөбүз 03:30га чейин ойнодук, аны да уктаттым. Бирок, мен уктай алган жокмун. “Демек, биз күткөн күн бүгүн экен” дедим да, жуундум, боёндум, сериал көрдүм, ар кандай көнүгүүлөрдү жасадым. Чачымды тарап баштаганда суусу кетти... Саатты карасам 07:45 экен. Жолдошумду тургузуп, “кеттик, биз даярбыз” дедим. Байкушум түшүнбөй эле “атып” турду. Баштыктарыбызды көтөрүп, төрөтканага жөнөдүк. 08:00дө ошол жерде болдук. Жеткенде толгоом эки мүнөт сайын келсе болобу? Дагы жакшы төрөткана жаныбызда. Кабыл алуучу бөлмөдөн кийимимди алмаштыргыча мүнөт сайын толгото баштадым.
Төрөткананын башкы дарыгери келип, “даяр экенбиз, төрөт залына алып чыккыла” дегенде ишенбей кеттим, корктум. “Чогуу кирем” деген Мирзатка деле “иш” калбай калды. Анын үстүнө карантин да жүрүп жаткан экен, кире алган жок.
3-кабатка чейин жөө чыгарышты. “Төрөт жеңил болот” дешип. Чыккыча даяр болуп калдым окшойт... 8:50дө Мелегим, периштем ыңаалап жарык дүйнөгө келди. Жандан жан чыгыш кыйын эле. Бирок наристеңди көкүрөгүңө койгон кезде, ошол замат бүт нерсе унутулат. Жараткандын керемети да...
Баса, менин төрөттөн кийинки түшкөн сүрөтүмө ар кандай пикирлер жазылды. “Роддомдо салон бар бекен? Төрөп жатса да боёнуп барабы?” дегендерди окуп, бир күлүп алдым. Төрөткана -- оорукана эмес. Ал жакка колдон келсе, бир гана жакшы маанайды ала барсаңыз, сиз ойлогондон да сонун болот!..
Aryba.kg