Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Эмнеге арыксың? Карып кетипсиң...” дегендерге Шайыр Касымалиева жооп узатты

“Эмнеге арыксың? Карып кетипсиң...” дегендерге Шайыр Касымалиева жооп узатты

08-февраль, 15:58
7 879 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Түрдүү сын пикир айта берип тажаткан катталуучуларына актриса Шайыр Касымалиева өз кайрылуусун жолдоду. Инстаграм да түйшүктү арылтабы?..

“Урматтууларым, адамдын өмүрү ушунча аз! Кимдин кантип жашап, кантип күн көрүп жатканын биз билбейбиз... Сырттан тон бычып, “ал андай, бул мындай” дегенге акыбыз барбы? Баарыбызга Кудай тараза. Колумдан келген ишти жасап, өз арбайымды өзүм тартып келемКарылыкка тийишип, бырыштарымды эсептеп, “арыксың, карып кетипсиң, ооруп жүрөсүңбү?” деп кайрылгандарга жооп. Алтындарым, мен көргөн азаптын 10%ын, мен басып өткөн жолдун 5%ын, ден соолук боюнча тарткан азаптын 2%ын, жандүйнөнүн жанчылганынын 1%ын өткөрүп, ошого карабай элим, жерим (!) деп өмүр сүрүп көргүлө... Эмне кийем, эмне ичем? Менин эрким. Мен бул дүйнөгө келгенде, эч ким Кудайга указ берген эмес. Ошондуктан, бетимде канча бырыш, арыкмынбы, толукмунбу, жалгызмынбы?.. Аны бир мен жана бир Кудай билет. Айланайын жакшыларым, өзүмдү, талантымды арнаган куттуу элим. Карылык Алладан берилген бата! Мени сындаган, менден жаш катталуучуларым. Кудайым силерди менин жашыма жеткирсин! Ар бир бырышым менин бактым, көз жашым.

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер