Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Асел Турдалиева: “Бек Борбиев илебинде жылуулугу бар март адам”

Асел Турдалиева: “Бек Борбиев илебинде жылуулугу бар март адам”

18-октябрь, 12:27
1 931 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, билим берүүнүн жана маданиятынын отличниги Асел Турдалиева “парламентке сөзсүз чыгармачыл инсан барышы керек. Айтчу сөздү бетке айта турган адам бул – Борбиев Берадаор Сманович” деп ырчыны колдоорун билдирди.

“Жарык күндү ачык кылган жакшы адам,

Илебинде жылуулук бар март адам.

Жашагың келет экен үмүт менен,

Жашоодо жакшы адамдар жанган үчүн.

Бул ыр саптар, албетте, келечекте өзүнүн адамгерчилик бийиктиги, ар-намыстык парасаты менен Кыргызстандын келечегин, үмүтүн актоо үчүн парламенттик шайлоого аттанган мыкты инсан Борбиев Берадор Сманович тууралуу. 

Ооба, Берадор Сманович Борбиев маданият тармагында өзүнүн опол тоодой орду бар инсан. Кээ бир түшүнбөгөн адамдар айтышы мүмкүн “артист ырын ырдап жүрө берсе болмок” деп, бирок мен айтат элем, “парламентке сөзсүз чыгармачыл инсан барышы керек. Айтчу сөздү бетке айта турган адам бул – ырчы. Карапайым элдин жашоосунун кыйынчылыгын, көйгөйүн жүрөгүнөн сезип, кол сунуп жардам берет. “Маданияты болбой эл болбойт” деп маданиятты биринчи орунга коюп, ушул тармакты көзөмөлдөп, колдоо көрсөтүп көтөрбөсө, бизде өсүү да, өнүгүү да болбойт. Ошол себептен урматуу калк, сиздер сүйгөн, урматтап сыйлаган мыкты инсанды колдоп алсак, өзүнүн программасында айткандай, бир топ алгылыктуу иштерди алдыга коюп, эл үчүн ак кызмат кылат деген ишенимди айтат элем” деп Инстаграм баракчасына жазды.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер