Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Ээнсиреген үйдөгү” Аселди аткарган Марал Койчукараева вице-мисс наамын жеңип алды

“Ээнсиреген үйдөгү” Аселди аткарган Марал Койчукараева вице-мисс наамын жеңип алды

11-октябрь, 11:53
3 047 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россиянын Москва шаарында мигранттар арасында сулуулар сынагынын финалы болуп өттү. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, аталган сынактын жыйынтыгында, эң сулуу мигрант 25 жаштагы өзбекстандык Рушан Каримова болду.

Мигранттар арасындагы сулуулар сынагына 13 мамлекеттин атынан 50 ат салышкан. Алардын арасынан ону (Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Якутия) финалга чыккан.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай сынактардын өтүшү эл аралык мамилелердин бекемделишине түрткү берет. Аталган сынакта Кыргызстандын атынан катышкан Марал Койчукараевавице-мисс наамын жеңип алды. Жеңүүчүлөргө акысыз жогорку окуу жайда билим алуу жана квалификациясы жогорку курстарды окуу мүмкүнчүлүгү берилди.

Белгилей кетсек, Марал Койчукараева 1990-жылы 25-январда Ош шаарында туулган. Кыргыз-Түрк Манас университетине ветеринар адистиги боюнча тапшырып, аны менен катар кыргыз режиссёру Нурбек Эгендин "Ээнсиреген үй" тасмасында Асел аттуу кыздын ролун жараткан. Бул ролу аркылуу актриса катары көпчүлүккө таанылган. Актриса көп жылдан бери уулу менен Москва шаарында жашап, эмгектенип келет.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер