Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Актилек Гүлжигит кызы: “Жаш келиндердин кайын журтка кызмат кылуу маселеси өтө курч экен”

Актилек Гүлжигит кызы: “Жаш келиндердин кайын журтка кызмат кылуу маселеси өтө курч экен”

27-сентябрь, 17:02
5 946 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Теле кызы Актилек Гүлжигит кызы социалдык баракчасы аркылуу жаш келиндер тууралуу пикирин билдирди:

“Байкасам, жаш келиндердин арасында кайын журтка кызмат кылуу маселеси өтө курч турат экен. Көпчүлүк “кылбаш керек” деген ойдо. Туура, милдеттүү эмес. Бирок, “кадыр табам, ошол эл менен эл болом, ошол журтка жуурулушам” десең, раса кыласың да. 

Бул эч кыйын эмес. Мисалы, эрте турган өзүңө эле жакшы. Көчөгө суу сээп, шыпырып койсоң да өзүңө эле жагымдуу болот. Өткөн-кеткен да алкап өтөт. Тамак жасоо, үй жыйноо, нан жабуу, идиш жуу деген жумуштарды өзүңдүн ата-энеңдин үйүндө деле кыласың да. Эч эле кыйынчылыгы жок. Гектар-гектар талаасы, толтура малы болбосо, ого бетер сүйүнүп, үйдөгү иштерди кыла бериш керек. Иш кылбай жата берсең кайын журтка эле эмес, бара-бара өзүңө өзүң деле жакпай каласың... 

Мисалы, бир ишканада деле жан үрөп иштесең, анан сыйлык аласың. Өлүп-талып кызмат кылсаң, анан акыбети болот да. Бул жерде деле ошондой эле. Үйдө тынбай ары-бери басып, майда-чүйдө иштер менен алектенип жүрө берсең, оңой да төрөп аласың. Бул жагынан да пайда. (Ушуну эле ойлой берем, тообо). 

Анан кандай кырдаал болбосун кайын журт менен жакшы мамиле кура бериш керек. “Чыккан кыз чийден тышкары” дейт. Алар менен мазарың бир болуп жаткандан кийин башка ким менен мамиле куруп, ким менен катташасың?

Кыскасы, бактылуу жашайм, кадырлуу болом, балдарым да барктуу болсун десең, кыймылда. Бактылуулук үчүн да күрөшүш керек! Жакшы сөз уккуң келсе, жакшы сөз айт. Он бала төрөсөң да кайын журттан кадыр таппай калуудан Кудай эле сактасын. Шаардагы келиндер наалыбагыла, шаарда иттин иши барбы?
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер