Назира Айтбекова: “Доллардан букет жасап кой! Ал баардык аялдарга өлө жагат”
Актриса жана алпаруучу Назира Айтбекова акыркы күндөрү интернет баракчаларына байма-бай жандүйнөсүндөгү жаңырыкты жазып келет. Ал бул ирет эркектердин кулагына “күмүш сырга” кылып, аялдарды кантип сүйдүрүү керек экендигин айтып өттү.
“Аял эркелегиси келип калганда, көңүл эңсегенде гана тетирлене баштайт. Кычып сүйлөп, тийишип, урушкусу келип… Ал “мени сүй! Көңүл бөл! Бүгүн кайсы ресторанга алып барасың? Кандай белек алып бересиң?” дегендик. Түктүйүп аялдын түктөрү көтөрүлүп калганда, сылап койсоңор эле жоошуп калабыз. Өпкөбүздү үзгүңөр келгенде, сүйүү менен гана үзүүгө мүмкүн. Анан “эмне алып берейин?” деген суроо анчейин жакпайт. Түз эле алып, суратпай эле чөнтөккө салып бер! Айласын таппай атсаң, доллардан букет жасап кой! Ал баардык аялга өлө жагат. Кутман кеч…
Aryba.kg