Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ырчы Дайыр Исмадияров “КТРК Канат Култаевдин менчигиби?” дейт

Ырчы Дайыр Исмадияров “КТРК Канат Култаевдин менчигиби?” дейт

23-январь, 12:34
769 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз эстрада ырчысы Дайыр Исмадияров “Музыка” каналынын продюсери Канат Култаев менен убагында келишпестик болуп, клиптерин аталган каналдан көрсөтпөй жаткандыгын жеке баракчасы аркылуу билдирди.  

“Менден көптөр “эмнеге клиптериңиз музканалдан кетпейт?” деп сурашат. Баарына түшүндүрүп, КТРКны жамандап отура албайм. Убакыт жетти окшойт, бүгүн чындыкты айтам. Өткөн жумада менин “Биз баскан жолдор” аттуу клибим жарык көрдү. Ага төрт күндө 400 миңге жакын кароо болуп, 10 миңден ашык “жакты” белгиси басылыптыр. Баардык эле ырчылар сыяктуу мен дагы ырымды КТРКнын “Музыка” каналынан жибергем. Бирок, канал “актёрлор жакшы ойной алган эмес, ыр начар” деген шылтоо менен кабыл албай койду. Клипти “үй-бүлөлөр бала жок” деп эле ажыраша бербей, “сабыр кылышсын” деген максатта тартканбыз, уландысы дагы бар. Эми “Музыка” каналына жагыш үчүн актёрлорду Голливуддан чакыралыбы? Акылга сыя турган нерсени талап кылышса болбойбу, же КТРК Канат Култаевдин менчигиби?” дейт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер