Ырчы Самат Дөөлөтбаков ийгиликке жеткирген жети сырын айтып берди


Инстаграм баракчасына Самат Дөөлөтбаков катталуучуларынын эң көп берилген «Ийгиликке кантип жетсе болот? Ийгилигиңиздин сыры эмнеде?» деген суроолоруна жооп бергенин Shok.kg. сайты тизмелеп чыкты. Анда Самат мырзанын 7 эрежесин сиз да пайдаланыңыз:
1. Таң эрте туруу. Канчалык эрте турсак, күнүбүз ошончолук жемиштүү болот. Негизи адам баласына 5-6 саат уктоо жетиштүү. Өзүбүздү ошого көндүрүү керек.
2. Бир стакан суу ичүү. Биздин денебиз суу менен азыктангандыктан, уктап турганда организмибизди ойготуу, ишке киргизүү максатында 1 стакан, жакшысы 2 стаканга чейин суу ичүү керек.
3. Аффирмация айтуу. Каалоо-тилектерди угуу, өзүңдү программалаштыруу. Мен индиялык Садхгуру деген йог бар, ошонун ой толгоолорун, көз караштарын, ошондой эле биздин ажыкелердин, молдокелердин сабактарын угуп турам. Сиздер да интернеттен өзүңүздөргө жаккан шыктандыруучу сабактарды угуп, күнүңүздү жакшы ой-тилектерди өзүңүзгө айтуу менен баштаңыз.
4. Алтын саат. Эртең мененки убакыт «алтын саат» деп аталат. Эртең менен адамдын мээси таза болот да, көптөгөн жакшы идеялар келет. Блокнот алып мээңизге келген ойлоруңузду барак бетине түшүрүп, алардын аткарылышын көзөмөлдөп, ишке ашканын белгилеп туруңуз. Жакшы ойлор кагаз бетине түшпөсө унутулуп калат.
5. Пайдалуу китептерди окуу. Ар дайым жаныңызга китеп салып жүрүңүз. Бул менин эң сонун адаттарымдын бири. Ийгиликтүү боло турчу адамга эки эле нерсе керек экен. Биринчиси – ийгиликтүү адамдар менен баарлашуу, экинчиси – пайдалуу китептерди окуу. Күнүнө жок дегенде 15 мүнөт китеп окуңуз. Китеп сиздин акылыңызга акыл кошот.
6. Эртең мененки машыгуу. Кан айлануу жакшы болуу үчүн моюндарга, муундарга көнүгүү жасаңыз. Эртең мененки машыгуу адамга энергия берет.
7. Күнүңүздү туура пландоо. Күнүңүздү пландалган иштин эң зарыл жана маанилүүсүнөн баштаңыз. Түштөн кийин жеңил жана майда-чүйдө жумуштарды жасап, күнүңүздү ыраазы болуу менен жыйынтыктаңыз.
Aryba.kg











