Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айзуура Иманалиева апасы Гүлбү Ороскул кызын эскерип, жүрөк козгоду

Айзуура Иманалиева апасы Гүлбү Ороскул кызын эскерип, жүрөк козгоду

22-январь, 14:28
6 529 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Апасы Гүлбү Ороскул кызын эскерип, кызы Айзуура Иманалиева төмөндөгүдөй пост жазды:

“Энеңе окшошсуң” дешсе сыймыктанам. Бирок, ал адамдыкындай сулуулук, көрөгөчтүк, назиктигинде катылган эркектик мүнөзү, даанышмандыгы, адамдардын ага кылган көралбастыгын унута салып, жакшы мамилеси менен аларды дарылаган, жүрөгүндө кири жок өзгөчө адамдык сапаттары менде жоктур. Бирок, бир жеримди ага окшоштурушса – мага бакыт.

Түшүмдөн кетпейт. Жаңыдан жоготуп, ичим өрттөнүп турган кезде өзүмдү түштөрүмдө гана бактылуу, түгөл сезип жаттым. Анткени, ар бир күнүм ошол адамдын коштоосунда гана өзгөчө шаң менен коштолчу экен. Аны өңүмдө таппай калганда гана сездим. Бүгүн дагы түшүмдө.

Эскерүү мен үчүн оор. Бүгүнкү күнгө чейин эскерүү берүүлөрүн көрө элекмин. Мага “эскерип” деген сөз кулагыма ушунчалык жаман угулат. Ал адамды жүрөгүм менен жанымда экенин сезип турганча, жоктугун моюнга алгым келбейт. Күйөөгө тийип, төркүнү алыс кишидей, апама эркелеп конокко келе элек бир келиндей сезимдемин.

Ар дайым биздин жүрөгүбүздүн төрүндө, буюрса неберелери, чеберелери, кыбыралары, таенесин сөз кылып бүткүс урпактары уланып келе жатат” деп жазылат анда.


Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер