Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Назира Айтбекова: “Кудайдын эрке кызымын”

Назира Айтбекова: “Кудайдын эрке кызымын”

23-июнь, 12:12
7 082 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алпаруучу Назира Айтбекова кезектеги кызыктуу постун жарыялады:

“Кудайдын эрке кызымын” деп көп айтам кенедейимен бери. Классташтарым аталарын мактап айтып, аталары менен сыймыктанып атканда, атам жок, шагым сынып турар эле. Бир күнү “анда менин атам Кудай болсун!” дедим. “Башкалардын атасы жардам берсе, мага Кудай жардам берет дедим. Эң кызыгы, мага дайым Кудай өбөк болуп, эмне сурасам баарын берип келе жатат. Тентек кылсам, текеберленсем, Жараткан анда да сабак үйрөтүп турат. Ушундай бир силкийт. Жерге түшүп, кайра эсиме келем. Ошон үчүн Жараткандан жазганып турам. 

Жашоо күзгү сындуу экен, көрсө. Болбосо тоо арасында кыйкырсаң кыйкырыгың жаңырган сыңары, ич көңдөйүң, жандүйнөң да жашооңдо жаңырып турат. Арамдансаң арамдык жаңырат. Жакшылыкта жакшылык жаңырат. Сен кандай энергия чыгарсаң, аалам сага ошондой энергия берет. Көңүлдү, пейилди тазартсак, жашообуз да ошондой болот. Кичипейилдик, ак көңүлдүк , жөнөкөйлүк, жандүйнөңдүн асмандабай, жерге жакын болушу – Кудайга жаккан сапат. Андай адамды Жараткан жакшы көрөт жана пейилин кенен салат. Жашооңду оңдогуң келсе, кыялдарыңдын орундалышын кааласаң, жөн гана өзүңдү оңдо, өзүңдү, оюңду тазала. Жашоонун болгон сыры эле ушул экен. Кыйынчылык болуп, кыйчалыш болуп атканда дароо “тык “ токтоп, Жараткан мага эмне айткысы келип атат? Кайсы жерин түшүнбөй атам?” деп ойлонуп, кадамымды тууралаганга аракет кылам. “Кайсы жазыгым үчүн, же эмнеге жазалап атат?” дебейм. Анткени анын мээриминин, сүйүүсүнүн чексиз болгонуна ишенем. Ал жазалабайт. Ал тозокко түшүрбөйт. Ал тек гана сабак үйрөтөт. Биздин мыкты болушубузга өбөлгө түзөт. Анын тозогу жок. Бейиши, сүйүүсү гана бар.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер