Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Назира Кадыева он жыл күттүргөн наристесин көз жарды
Назира Кадыева он жыл күттүргөн наристесин көз жарды
22-июнь, 12:02
5 782 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Телеалпаруучу, ди-джей, ырчы, тамада Назира Кадыеванынүй-бүлөсүндө наристе үнү кайрадан жаңырды. Ал кечээ, 21-июнда борбор калаадагы төрөтканалардын биринде көз жарды. Назира айым кубанычы менен бөлүшүп, төмөндөгүлөргө токтолгон:
“Биз бул “жигитти” 10 жыл күттүк. Ден соолугума байланыштуу төрөй албай жүргөм. Учурда уулум экөөбүздүн тең акыбалыбыз жакшы. Наристе 3 килограмм 600 грамм салмакта, бою 50 сантиметр болуп төрөлдү. Азырынча ымыркайыбызга ысым ыйгара элекпиз” деди ал.