Европанын 11 шаарында футболдук майрам башталды
Өткөн жума этегинде футбол боюнча Европа чемпионаты старт алды. Чемпионат ковид илдетине байланыштуу бир жыл кеч өтүп атат. Болбосо былтыр эле жыйынтыктап, Катар мамлекетинде өтө турган дүйнөлүк чемпионатка чамынып калышмак. Жаман оорусу жаман оору менен, бирок футболдук майрамды жеке эле Европа эмес бүткүл дүйнө жүзү сагынып калыптыр. Көчөдө жолуккан эки адамдын ортосундагы сөз футбол болуп “Европа чемпиону ким болот?” дешүүдө.
Алгач тайпалык мелдештер орун алууда. A, B, C, D, E, F алты тайпада төрттөн болуп, жалпы жонунан 24 команда күч сынашууга киришти. Күйөрмандардын божомолундагы фаворит болгон Италия, Бельгия, Голландия, Англия, Франция, Португалия командалары азырынча ишенимдүү оюн көргөзүүдө. Мелдеш Европанын 11 шаарында өтө турганы белгилүү болду. Коронавирустун айынан бул шаардагы стадионго келген күйөрмандар ойдогудай келип сүрөөн кыла элек. Ошентсе да эки күн мурун Венгрия менен Португалиянын ортосундагы мелдеште Будапешт шаарынын “Ференц Пушкаш” аттуу стадионуна 56 миңге жакын эл келди. Баарына түкүрүп салышты. Бул азырынча рекорд.
Эми тайпалык оюндардын жыйынтыгына келели:
A тайпада Түркия – Италия 0:3, Уэльс – Швейцария 1:1
В тайпада Дания – Финляндия 0:1, Бельгия – Россия 3:0
С тайпада Австрия – Түндүк Македония 3:1, Голландия – Украина 3:2
D тайпада Англия – Хорватия 1:0, Шотландия – Чехия 0:2
Е тайпада Польша – Словакия 1:2, Испания – Швеция 0:0
F тайпада Венгрия – Португалия 0:3, Франция – Германия 1:0
Мелдештер өтө турган стадиондор:
Лондон, Уэмбли – 90 000
Рим, Олимпиада стадиону – 72 698
Мюнхен, Альянц Арена – 75 000
Баку, Олимпиада стадиону – 70 000
Санкт-Петербург, Санкт Петербург – 61 000
Будапешт, Ференц Пушкаш – 65 156
Амстердам, Йохан Кройф Арена – 53 052
Глазго, Хэмпден Парк – 51 472
Копенгаген, Паркен – 57 711
Севилья, Олимпиада стадиону – 60 000
Бухарест, Улуттук стадион – 54 851
Бомбардирлер:
Азырынча экиден топ менен Омелу Лукаку (Бельгия), Криштиану Роналду (Португалия), Патрик Шик (Чехия)
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити