“Министрдин кызынын махабаты” тасмасындагы Зина 35 жашка толду


Бүгүн актриса Роза Азимбаеванын туулган күнү. Ал 1986-жылы 18-майда Жалал-Абад шаарында туулган. Актриса калың журтка “Министрдин кызынын махабаты” тасмасындагы Зинанын образы аркылуу таанылган.
“Тасманы тартуу учурунда көп жери өзгөрүп кетти. Үйдөгүлөргө бул тууралуу айткан эмесмин. Апам бетачарына келип, унчукпай көрүп отурду. Анан сыртка чыкканда мени жаман карап, “шашпай тур, үйге барганда сүйлөшөбүз” деген. Башында кинонун режиссёрун сотко берем деп чыкты. “Апа, бул менин өзүмдүн макулдугум менен болду” деп атып араң токтотсом, “эми сени ким алат, шерменде?!” деп аябай жаман болгон. “Апа, ал жерде баары эле чын болбойт, монтаждалган да” десем деле болбой, “кыргыздын эркектери түшүнмөк беле?!” деп урушкан. Эмне дээримди билбей, “апа, кыргыздар албаса, орустар деле бар го” деп тамашалап жоошутуп койгом.
Тасмадан кийин мени көргөн-билгендер “бул өзү бузулуп кеткен кыз, ошон үчүн ушундай роль аткарды да” деп айтышса, кай бирлери чыныгы Зинаны көргөндөй мамиле жасашчу. Андан кийин эротикалык кадрлары бар киного тартылууга өзүмө тыюу салгам. Баягы уу-дуу ушактарды, чучугуңа жеткен сөздөрдү укканда кой дейт экенсиң. Анан да ал кезде 20 жашта, көп нерсени түшүнбөгөн өрт кезимде тартылып калыптырмын. Азыр ойлосом, жылаңач денемди чакан чөйрө көрсө бир жөн, анан бүткүл кыргыздын мырзаларына көрсөтүш аябай чоң күнөө экен” деген маектеринин биринде.
Элдин катуу сынына кабылган актриса аталган тасмага тартылгандан кийин бир канча жыл чет өлкөдө жашап келген.











