Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кенже Дүйшеева: “Жер кеткенче, эр кетсин”, “Атаңды берсең бер, бирок Ата мекениңди бербе!”

Кенже Дүйшеева: “Жер кеткенче, эр кетсин”, “Атаңды берсең бер, бирок Ата мекениңди бербе!”

27-апрель, 12:08
2 727 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР эмгек сиңирген артисти Кенже Дүйшеева Кемпир-Абад маселеси боюнча өзүнүн пикирин социалдык баракчасына жарыялады:

“Мекенди сүйүү – кичи мекенди сүйүүдөн башталат. Кичи мекениңдин бир чарчы жери түгүл бир тоголок ташын, бир тал чырпыгын, бир тамчы суусун башкага кыйбайсың. 

Бир топ күндөн бери Кемпир-Абад маселеси кыжалат кылып, ар бирибиздин жүрөгүбүз оорутуп жатат. “Өзгөндүн жери өзбектерге берилип кетти” деген кабар денемдин бир мүчөсүн жулуп алгандай оор тийди. Азыр да жүрөгүмдүн бир жерин чымчып үзүп алгансып жан ачып турат. Албетте, саясатта биз түшүнбөгөн жагдайлар көп. Балким, бул кадамдар келечектеги жакшы пландар үчүн болуп жаткан чыгар... Бирок, кандай болгон күндө да жагдай жерсиз чечилсе дейт экенсиң. “Жер кеткенче, эр кетсин”, “Атаңды берсең бер, бирок Ата мекениңди бербе!” дейт. Бул сөздөр туулган жердин канчалык ыйык экенин айтып турат.

Ооба, Кемпир-Абаддын айланасында жашаган эл жыргап кеткен жери жок. Жарым метр жер казсаң көлкүлдөп суу чыгат. Мындай жерге дыйканчылык кылуу да болбойт. Сыз, саздак жер болгондуктан чымын-чиркейдин көптүгүн айтпа. Сууктун, сыздын айынан жашоочулар канчалаган оорунун түрлөрүн арттырып, ден соолуктары начарлап жүрүшөт. Антсе да анын баарына кайыл болуп, ата-энелери байырлаган жерди таштап кетпей жашап келишет. Жергиликтүү элдин сууну айланчыктап, көчүп кетпей акмалап жүрүшкөндөрүнүн дагы бир себеби: ошол суу астында ата-баба, тууган-уруктарынын сөөгү жатат. Бир жылдары Өзбекстан эгин суугаруу үчүн тосотту ачып, суу тартылып калганда жээгинен сөөктөрдү терип, кургак жердеги мүрзөлөргө аздектеп коюп жүрүштү. Ушул себептен жергиликтүү тургундарга суунун үстү да, асты да кымбат. Туулган жерин сыйлаган, ата-бабаларынын сөөгү жаткан жерди сыйлаган эл болсо ушунча болор.

Расул Гамзатовдун Менин Дагстаным деген чыгармасында мындай дейт: Биз, тоолуктар сырттан келген мейманга “каалаганыңдын баарын ал, бир гана сураныч: кетериңде бутуңдун топурагын күбүп кет деп өтүнөбүз. Анткени, ансыз да кичинекей жерибиздин топурагын сырттан келген ар бир конок бутуна жабыштырып кете берсе, бизге эмнеси калат?!” деген. Мына, жери түгүл топурагын аяган кандай гана атуулдук улуу сезим! 

Бүгүн “Кемпир-Абад өз ордунда калды” дешти. Ошондой эле болсун. Алакандай кыргыз жерибиз кеңейсе кеңейсин, кемий көрбөсүн” деп жазды ырчы айым.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер