Нурзат Токтосунова: “Күнөөнү башкадан издөө, наалып жүрө берүү туура эмес”
Алып баруучу Нурзат Токтосунова жашоону татаалдаштырбаш үчүн ойду өзгөртүү керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына пикир калтырды.
“Стресстен же депрессиядан чыгуу үчүн, бирөөлөрдүн сөзүн көтөрүү үчүн да окуу, изденүү, инсандык өнүгүү, ойду жана адамды толук өзгөртүүчү сабактар керек экен. Бир канча жыл мурун жанталаша издене баштагам, көп акча короттум, жыйынтыгында өзүмдү сактап калдым, ички ишенимим көбөйдү, бирөөлөрдүн сөздөрүнө көңүл бурбай, өзүм менен өзүм болуп, жандүйнөмдү угуп, адамзатты сүйүүнү үйрөндүм. Оюң өзгөрбөсө жашооң татаалдаша берет. Таарынычтан, ызадан, ич күйдүлүктөн арылбасаң ооруп калышың мүмкүн. Ыраазы болгонду билбеген адамдар -- бактысыз адамдар! Ийгиликке жеткендер -- талыкпай эмгектенгендер!
Ийгилик чечкиндүүлүктү коштойт. Сенде азыр оор күн болуп жатса, чечим кабыл ал. Бүттү. “Өзүмдү көтөрөм” де. Сени эч ким көтөрбөйт. Энеден башка эч кимге керек эмессиң! Изден, бизден онлайн оку, эмнеге андай ситуация сага берилди, ой жүгүрт. Балким бир нерсени туура эмес кылып жаткандырсың. “Күнөөнү башкадан издөө, башкаларды күнөөлөө жана наалып жүрө берүү туура эмес” дешет психологдор”,-деген ойлорунун күйөрмандарына бөлүштү Нурзат айым.
Ошондой эле алып баруучу өзүн өзгөртүүнү каалагандар үчүн сабактар болуп жатканын кошумчалады.