Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Айгерим Расул кызы: “Жаңыл Мырзанын образын жаратам”
Айгерим Расул кызы: “Жаңыл Мырзанын образын жаратам”
12-апрель, 17:09
760 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ырчы Айгерим Расул кызы чоң масштабдагы тарыхый тасмада башкы каармандын ролун жаратат. Бул тууралуу ырчы кыздын соцтармактагы баракчасына жарыялады.
“Сиздерге жакшы жаңылыгым бар. “Жаңыл Мырза” эпосунун тасмасында башкы каарман катары баатыр кыздын образын жаратып, тарыхый тасмада өзүмдү сынаганы турам. Буга чейин “тарыхый тасмада тартылсам” деп кыялданчумун. Тасма тартуу ушул жылдын күз айларында башталат. Азыр даярдыктар активдүү жүрүүдө, сценарий жазылып жатат. Буюрса, тартуу иштери күз айларында башталып, 2022-жылга чейин созулат” деп жазды ырчы.