Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чолпон Мелисбекова: “Таажыны башыма кийип атканда кубанганымдан көзүмө жаш алдым”

Чолпон Мелисбекова: “Таажыны башыма кийип атканда кубанганымдан көзүмө жаш алдым”

12-апрель, 13:25
840 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Белгилүү комузчу Чолпон Мелисбекова кыз-келиндер арасында өткөрүлгөн “Супер Lady-2021” сулуулар сынагында баш байгени жеңип алды. Мындай сынакка биринчи жолу катышып атканын жана баш байге күтүүсүз ыйгарылганын, Түркия мамлекетине жолдомо утуп алганын айта отурду.

-- Чолпон карындашым, алгач сынак жөнүндө уксак?

-- “Супер Lady-2021” сулуулар сынагына биринчи жолу катыштым. Буга чейин мындай сынакка катышууну ойлогон эмесмин. Ойдо жок жакшы иш болуп кетти. Өзүңүз билгендей, буга чейин музыкалык, анын ичинде комуз күүсүн ойноо же бий аралашкан сынактарга катышып, анда да байгелүү орундарды багынтып келгем. Бир топ жакшы нерселерге көзүм ачылды. Подиумда басышты, дефиле кылуу, сүрөткө жана тасмага түшүү боюнча эки ай мөөнөттө окутушуп, үйрөтүшүп, мен үйрөнүп, жатыгып дегендей... Элүүдөн ашык кыз-келиндер дилгирленип, анын ичинен 23ү финалдык таймашка жолдомо алдык. Эки курак боюнча сынак жүрдү. Бирөөсү 40 жашка, экинчиси 40 жаштан жогору делип. Мен 40 жашка чейинкилер арасында баш байгени жеңип алдым. Байгеси – Түркияга 8 күнгө эс алууга жолдомо. Аябай кубанып турам. Андан сырткары, демөөрчүлөр да мени куру калтырышкан жок, анүчүн чоң ыраазычылык билдирем. Эң негизгиси, “Супер Lady-2021 сулуусу” титулун алуу менен бирге таажысын кийгизишти. Мен үчүн бул абдан чоң сыймык. Таажыны башыма кийгизип атканда кубанганымдан көзүмө жаш алдым.    

-- Сынактын кандай шарттары бар экен?

-- Бул сынакта төрт шарт каралган. Биринчиси – кечки салтанат кийим менен чыгуу. Экинчиси – улуттук кийим менен чыгуу. Үчүнчүсү – өзүн тааныштыруу. Төртүнчүсү – үй тапшырмасы. Өнөрүмдү көрсөтүп, чектелген убакыттын ичинде комуз күүсүн жаңырттым жана латын бийин бийледим. Менимче, ушул төрт номинация боюнча болгон күч-аракеттеримди жумшап, калыстардын жогорку бааларын алганга жетиштим жана бирдей чечим менен мени жеңүүчү катары табышты.

-- Музыкалык сынак менен сулуулар сынагынын кандай айырмачылыгын көрө алдың?

-- Музыкалык сынакта калыстардын алдында комуз күүсүн чертүүдө кандайдыр бир эргүүнү сезесиң. Ашыкча толкундоолор көп байкалбайт. Ал эми сулуулар сынагында ар бир чыгууда толкундоолор чектен чыгып кетип атты. Ар бир кыймыл-аракеттерди көзөмөлдөө кыйынга туруп, калыстарга көрүнүп турат экен. Анткен менен бул сыноону да башыман өткөрдүм.   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер