Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Асхат Түлөбердиев мыйзамдуу алкакта жазасын албай кутулуп кетеби?

Асхат Түлөбердиев мыйзамдуу алкакта жазасын албай кутулуп кетеби?

10-апрель, 21:57
533 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Качанкыга чейин биздин өлкө жемкорлордун, уурулардын «бейишине» айланып, «айран ичкени кутулуп, челек жалаганы тутулуп» жүрө беребиз?! Же мамлекеттин жерин келемишче кемирип жеп, пулун чөнтөккө жымыргандардын заманыбы?! Сөзүбүз куру болбошу үчүн өткөн жылдын аягында болгон ушундай фактыны мисал келтирели.

2020-жылдын 24-декабрында Бишкек башкы архитектуранын башчысы Асхат Түлөбердиев УКМК тарабынан “Бишкек шаарында мыйзамсыз курулуштарга уруксат берген жана жер тилкелерин сатууда мыйзамсыз аукциондорду өткөргөн” деген кинө менен кармалган болчу. Кармалганы дурус, бирок арадан анчалык көп убакыт өтпөй эле кылмышка шектүү Биринчи Май райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылган.   

Бул кылмыш иши Асхат Түлөбердиевдин мамлекеттик мүлккө кол салган алгачкы эле иши эмес. Буга чейин, тактап айтканда, 2019-жылы Асхат Түлөбердиевдин бир тууган агасы Ренат Түлөбердиевге (мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы башчысы) тийешелүү, «Киргизия-1» аймагынан декларацияга кирбеген хансарай табылган. “Мейли, бул агасына тийешелүү экен” дейли. Бирок, элдин мүлкүн эсепсиз соргон Түлөбердиевдерди токтото турган күч же мыйзам жокпу? Мисалы, Асхат Түлөбердиев Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн аймагындагы курорттук зонадан (ээси менен келишим түзүп) убактылуу пайдаланууга 188 чарчы метр жерди ижарага алганы кабарланган. Арадан жарым жыл өтпөй аталган жер участогун тартуулоо келишими менен апасынын атына өткөрүп, апасы өз кезегинде ушундай жол менен ал жер тилкесин жээнине каттатканы, анын кесепетинен ошол жер тилкесинде жайгашкан конок үйү дагы Түлөбердиевдердин карамагына өтүп кеткени кандай? Бул дал келүүбү же мыйзамды сыйлабастык, жеке менчикти уруп ойнобогондукпу?

Бишкек шаарынын курулуш тармагындагы башаламандык дагы ушул эргулдун салымы экенин эксперттер байма-бай айтып келишет. Бишкектин архитектуралык түзүмүнө кайдыгер карап, шаардын жерин каалагандай калчаган Түлөбердиевдин кесепетинен табигый аба алмашуу темпи бузулуп, шаар ыш-түтүнгө чулганып, шаардыктар көкөйгө тийген көк жөтөлгө кабылганын ким танат?!

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

Жогоруда айтылган фактылар жөн гана каралоо же ушак эмес. Ар бири боюнча далилдүү фактылар бар. Сизден өтүнөрүбүз, ушул адамга тийешелүү чара көрүп, мыйзам чегинде жазасын бере аласызбы?


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер