Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жолдош Шаршенов: “Ала качкан бала мурда эки ирет Айзадага бычак такап коркуткан”

Жолдош Шаршенов: “Ала качкан бала мурда эки ирет Айзадага бычак такап коркуткан”

08-апрель, 20:28
1 760 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бир үйдүн жалгыз кызы, ала качуунун курмандыгы болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү 8-апрелде Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жерге берилди.

Ал акыркы айларда трикотаж фабрикасында котормочу-технолог болуп иштеп келген. Анын жетекчиси Жолдош Шаршенов Айзаданы абдан жөндөмдүү кыз болчу деп сыпаттады.

Шаршенов: Биз эки жыл мурда трикотаж фабрикасын ачканбыз. Бирок ортодо пандемия жана башка иштер болуп, толук иштей элекпиз. Биздин фабрикага Түркиядан үйрөткөнгө тикмечилер келген. Айзада биздин ишканада котормочу жана технолог болуп иштечү.

“Азаттык”: Айзада кандай кыз эле?

Шаршенов: Айзада алтын кыз эле, жакшы кыз болчу. Менин оң колум болчу. Мурда Түркияда иштеп келген экен, ошон үчүн өзүнүн жумушун жакшы билчү. Ага караганда мен көп нерсени билчү эмес элем. Ал бизге көп нерселерди көрсөтүп, үйрөтчү. Бирок кайра эле Түркияга кетем деп жүргөн.


“Азаттык”: Түркияга качан кетем деп жатты эле?

Шаршенов: Ал билетти гана күтүп жаткан. Жумуш визасын алган болчу. Анткени жанагы ала качкан бала мурда эки ирет бычак такап коркуткан экен. Бизде Айзаданын курбусу да иштейт. Ошол курбусунун жолдошу барып, ал бала менен окуяны териштирмек болгон. Ошондон кийин ал бала жолобой калган. Мен күнүгө эртең менен 07:20да Медеров-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен жумушка алып кетчүмүн. Эгер кечигип жатса телефон чалып койчу. Ошол күнү ал келген жок. Мен чалсам, телефонду көтөрбөдү. Мени башка да түрк жумушчулар күтүп жаткандыктан жумушка келе берген. Андан кийин да кайра-кайра чалсам жок, кыздарга тапкыла деп дайындап, жумуштарым менен кеткем. Келсем, "апасы милицияга арыз жазыптыр" дешти. Милицияга чалсак, такыр албай койду. Анан тааныштарга чыктым. Алар милицияга чалганда “иштеп жатабыз” деп коюшту. Эч нерсе кылбай эле отурушуптур да. Бирөө такыр телефонду көтөргөн жок. Көрсө ал түндө кезметтен келип, эс алып жаткан экен. Эмнеге ага бергенин түшүнгөн жокмун. Милиция бизди такыр эле укпай койду.

“Азаттык”: Ошондо милициядагылар сиздерге эмне деп жооп беришти?

Шаршенов: “Издеп жатабыз, кудаларды күтө бергиле” деп жатышты. Энесине “тойго даярдангыла” деп айтышыптыр. Айзаданын апасы Назгүл эже бизге тааныш эле. Ал да мыкты тикмечи, кээде бизге үйрөтүп турат. Мен тааныштарга чалып аракеттене баштагандан кийин гана “жогору жактан чалып жатат” деп бир аз кыймылдап, Назгүл эжеге адамча мамиле кыла башташты. “Бул жактан издеп жатабыз, тигил жактан издеп жатабыз” дей беришти, көрсө баары калп экен.

“Азаттык”: Кылмышка шектүү бала тууралуу мурда-кийин сизге айткан беле?

Шаршенов: Бир эле жолу айтып берген. “Түркияга эмнеге кетип жатасың, жумуш жакпай жатабы же айлык азбы?” деп сурагам. "Баары жагат, ойдогудай, мага тиги бала тынчтык бербей жатат" деп айткан. Бир байкем сүйлөшсө да тымызын келип, тынчтык бербей жатат деген. Кетем дегенинен улам бардык акчасын төлөп бергенбиз. Билетин гана күтүп жаткан.

“Азаттык”: Коркутканда милицияга кайрылган жок беле?

Шаршенов: Биз "милицияга кайрыл" деп айтканбыз.

Маркум Айзада Канатбекова бир үйдүн жалгыз кызы болчу. Энеси аны жалгыз тарбиялаган.

Айзада Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктаган. Жакындары, тааныш, курбулары аны алдыга умтулган, спорттун волейбол түрүнө кызыгып, ийгиликтерди жараткан адам болгонун эскерип жатышат.

Канатбекова 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган.

Шаардык милиция кызды уурдоого шектүү, 1985-жылы туулган Замирбек Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирген.

 Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качканы видеокөзөмөлгө жазылып калып, Интернетке тараган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер эч кандай реакция жасаган эмес.


 Кыргызстанда мындай кандуу окуя биринчи жолку эмес. 2018-жылдын май айында 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызы ала качуунун курмандыгы болгон. Аны Жайыл райондук милиция бөлүмүндө ала качкан бала бычактап өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыюуга аракет кылган.

Айзаданын окуясынан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат. Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү. Бул маселе парламентте да талкууланды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милициясы Айзада Канатбекованы өлтүрүүгө шектүү Замирбек Теңизбаев Орусияда мурда үч жолу соттолгонун тактады.

Милициянын 8-апрелдеги маалыматына караганда, ал 2008-жылдын 20-мартында Омск шаарынын Киров райондук соту аны 158-берененин ("Уурулук") негизинде үч айга эркинен ажыраткан.

Экинчи ирет 2009-жылдын 26-ноябрында Красноярск шаарынын Темир жол райондук соту аны 61-берене ("Тоноо") менен эки жылга абакка кесип, 2011-жылдын июнунда бошонуп чыккан.

Үчүнчү жолу 2012-жылы 10-июлда Москванын Зеленоград райондук соту аны 162-берене ("Карактоо"), 163-берене ("Опузалап талап кылуу") менен 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.

 2017-жылдын 29-июнунда абактан чыгып, Кыргызстанга депортация болгон. 2020-жылдын 30-июлунан тартып ага Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган.

 

"Азаттык"

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер