Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубанычбек Жумалиев 1 миллиард сом төгүп, эркиндикке чыкканы калдыбы?

Кубанычбек Жумалиев 1 миллиард сом төгүп, эркиндикке чыкканы калдыбы?

08-апрель, 13:35
1 324 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коррупцияга айыпталып, УКМКнын СИЗОсунда жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев “кусуп” берүүгө макулдашып, кызык жүрүш салганын эшиттик. Анын буга чейинки “соодалашуусу” оңунан чыкпай, акыры тергөө менен кызматташууга барганы ушулбу?

Кубанычбек Жумалиев жакын адамдары аркылуу Таш-Көмүр шаарындагы цемент заводун 970 миллион сомго баалап, калганын накталай акча аркылуу толуктап, баш-аягы 1 миллиард сом мамлекетке төгүп атканы маалымдалды. Башта Жумалиев заводду кредитке салып атканын кабарлаган жайы бар эле. Эми мамлекет анын карыздарын, үстөк миллондорун төлөп калабы? Ушул жагынан алганда, коррупцияга шектелип аткан адам менен кандай келишимдер түзүлгөн? Азырынча УКМК расмий маалымат тарата элек.

Айрым билермандардын баамында, кууланган Кубанычбек Жумалиев тергөө менен кызматташууда бийликти алдап кеткени, көп байлыктары жакын адамдарында сакталуу бойдон калганы каңкууланууда. Алгач УКМК депутаттын алтымыштан ашык объектилерин, үй-мүлктөрүн жарыялап, элдин оозун ачырган болчу. Натыйжада, Жумалиев бир гана заводун берүү менен эркиндикке чыкканы калдыбы? Баракелде! Мына коррупцияга каршы күрөш! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер