Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Бишкекте бир жылда 92 ала качуу катталды
Бишкекте бир жылда 92 ала качуу катталды
08-апрель, 13:31
585 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌2020-2021-жыл аралыгында Бишкек шаарында никеге туруу максатында адам уурдоо фактылары боюнча 92 сотко чейинки өндүрүш иши катталган. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Бишкек шаардык милициясынын маалымат жыйынында белгилүү болду.
Бөлүмдүн кызматкеринин айтымында, аталган иштердин 75и токтотулуп, сегиз факты тастыкталып, шектүүлөр кармалып, иштер сотко өткөрүлүп берилген. Учурда тогуз иш тергелип жатат.