Жансыз дене кайра муунтулуп... Аксыдагы окуя
Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, РИИБге 2020-жылы 24-ноябрь күнү саат 18:30 чамасында Аксы районунун 56 жаштагы тургуну телефон чалып, Кербен шаарында жашаган К.Ж. аттуу карындашын (1971-жылы туулган) белгисиз бирөө чачылуу жоолук менен муунтуп өлтүргөнүн кабарлаган.
«Жалал-Абад ОИИБнин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана Аксы РИИБнин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 26-ноябрь күнү Ош облусунун 1982-жылы туулган тургуну Т.Ф. Ош шаарында убактылуу жашап жаткан батиринен кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө Т.Ф. Аксы районунун тургуну К.Ж.ны өлтүрүп, анын алтын буюмдарын, кол телефонун алып, андан кийин Ала-Бука районуна барганы, ошол жерден таксиге отуруп, Ош шаарына жеткени белгилүү болгон. Ал жактан алтын буюмдарды жана кол телефонду сатып, Ош шаарында ижарага батир алган. Андан кийин эч жакка чыкпай, эч ким менен байланышпай, жашырынып жатканы жана керектүү буюмдарды такси кызматы аркылуу алдырып турганы аныкталган» деп айтылат маалыматта.
Соттук отурумда айыпталуучу Анвар күнөөсүн мойнуна толугу менен алды. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү менен (“Адам өлтүрүү”) күнөөлүү деп табылып, 11 жылга эркинен ажырады. Ошондой эле 110 миң сом айып салынды.
“Турмуш кж”