Бейшеналиев менен Кендирбаева коррупцияга шектелеби?
Мурдагы кыңыр иштүү чиновниктер, криминалга аралашкан көпөстөр жоопкерчиликке тартылып жатышканы белгилүү. Бул жакшы көрүнүш. Бирок учурдагы аткаминерлер көз жаздымда калышып, калкаланып калуудабы? Ириде коррупцияга каршы күрөш адилеттүүлүктө жүрүшү зарыл.
КР эсеп палатасынын текшерүүсүнөн соң, саламаттык сактоо, билим берүү тармактарында эң көп каржылык келишпестиктер, мыйзам бузуулар орун алганы кабарланды. Мындайча айтканда, коррупция гүлдөп, туу чокусуна жеткени эксперттер тарабынан да айтылууда. Аталган министрликтердин кыйраткан иши деле жок, бирок кедеринен кете башташканы жакшы жышаан эмес. А эмне үчүн тийешелүү орган кызматкерлери чечкиндүү түрдө киришпей жатышат? Баа беришпейби? Же Алымкадыр Бейшеналиев менен Догдуркүл Кендирбаеванын кол тийбестиги, калкалоочу сыйкыры барбы? Кайсы гана министр болбосун, жетектеген тармактары боюнча керт баштары менен жооп берүүгө тийиш. Демек, жакынкы арада УКМК демилгени колго алып, Алымкадыр Бейшеналиев менен Догдуркүл Кендирбаеваны суракка алабы? Андан соң иштин кандай өнүгөрү ачыкталса керек.
"Азия Ньюс" гезити