Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ноокаттан келип, Чүйдөн кызыл камчылыкты көрсөткөн күйөө жазадан бошотулду

Ноокаттан келип, Чүйдөн кызыл камчылыкты көрсөткөн күйөө жазадан бошотулду

02-апрель, 13:53
1 214 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чүй облусунун Панфилов районунда 50 жаштагы жаран аялын сабап, зомбулук көрсөтүп жүргөн. Сот кызыл камчы күйөөгө карата өкүм чыгарды. Окуя 2020-жылдын 11-март күнү болгон. Анда Панфилов айылындагы үйлөрдүн биринде өзүнүн жубайын оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, чачынан сүйрөп сабап, зомбулук көрсөтүп, жабырлануучунун укуктарын жана эркиндиктерин бузган. Ал мындай жорукту биринчи жолу эмес, бир нече жолу жасаган деп айыпталат. Айыпталуучуга карата "үй-бүлөлүк зомбулук, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине дене-бойлук же психикалык зыян келтирүү" деп кылмыш иши козголгон. Ал бул кылмышты атайылап жасаган деп бааланат.

Айыпталуучу 1971-жылы Ош облусунун Ноокат районунда туулган, улуту кыргыз, билими орто, үй-бүлөлүү, убактылуу эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес, туруктуу жашаган жери Чүй облусунун Панфилов району.

Соттук отурумда жабырлануучу күйөөсүнө эч кандай доосу жок экенин билдирет

"Жолдошума карата эч кандай моралдык жана материалдык доом жок, ага карата айыптоону колдоодон баш тартам. Мен күйөөм менен жарашканыма байланыштуу жазык ишин өндүрүштөн кыскартып берүүңүздөрдү суранам", - деп билдирген ал өз көрсөтмөсүндө.

Айыпталуучу күнөөсүн моюнга алган

"Мен күнөөмдү моюнга алам жана баардык тараптан кечирим сурайм. Биз жубайым экөөбүз жарашканыбызга байланыштуу анын сотко келтирген өтүнүчүн толугу менен колдойм", - деп билдирген ал.


 “Супер”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер