Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кылычбек Султанов УКМК тарабынан камалабы?

Кылычбек Султанов УКМК тарабынан камалабы?

01-апрель, 10:33
956 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Супер инфо” гезитинин негиздөөчүсү, Өмүрбек Текебаевдин имаратында редакциясын кармап, ага ай сайын беш миң доллар ижара акысын төлөп, ошол аркылуу министр жана элчи болгонго үлгүргөн Кылыч Султандан акыркы кезде эч кабар жок. Өзү Бакиевдин убагында ЭлТРге да башчылык кылганын эстеп, ал жакка кызматкери Шаиста Шатманованы директор кылганына коллектив каршы чыгып, майнап чыкпай калды. Буга чейин Кылыч Султан Атамбаевдин жанынан чыкпай, аны абдан “революцияга” шыкап жүрдү эле, бирок ошол августта жаңжал чыкканда качкан бойдон кетип, бир да жолобой койгонун айтышат. Эми болсо, УКМК башка жагынан аны териштирип баштаптыр. Көрсө, Кореядагы элчилигинен бул киши 2018-жылы октябрь айында отставкага кетип, ошол эле мамлекеттен башпаанек суранып кайрылганы – Кыргызстандын кылмыш-жаза кодексинде “чыккынчылык” катары каралат экен. Элчи башка тарапка өтүп, өз мекенин сатканы оңой тамаша эмес экен көрсө. Камчыбек Ташиев жетектеген атайын кызматтар акыркы кезде коррупционерлерге алаксып, өзү айтмакчы, сексен эле орун бар СИЗО толуп, орун жок. Ошол СИЗО кичине эле бошой турган болсо, канча деген башкалар колго түшөрү азырынча белгисиз болуп турат. Кылычбек да кирип кетеби?.. 


(1-апрель – тамаша күнү!) 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер