Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 42 жаштагы аял эки баласын сууга ыргытууга аракет кылган

42 жаштагы аял эки баласын сууга ыргытууга аракет кылган

01-апрель, 10:19
801 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өзбекстандын Наманган облусунда 42 жаштагы аял эки баласын көпүрөдөн ыргытып жиберүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Podrobno.uz сайты жазып чыкты.

Окуя, 28-мартта Наманган облусунун Мингбулак жана Туракурган райондорун бириктирген Сырдарыя дарыясындагы көпүрөдө болгон.

Күч органдарынын маалыматы боюнча, Туракурган районунун 42 жаштагы тургуну эки баланы (6 жана 3 жашта) сууга ыргытууга аракет кылган. Көпүрөнү кайтарып турган Улуттук гвардиянын кызматкерлери аялды токтотуп калышкан.

Учурда ички иштер органдарынын кызматкерлери аялдын өз балдарын өлтүрүүгө аракет кылганына эмне түрткү болгону тууралуу маалыматтарды тактап жатышат.  

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:

Эң көп окулгандар
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
(Видео) Садыр Жапаров кудаларына тебетей тараткан тасма тарады
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Молдокенин моокум кандыра албаган тасмасы...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер