Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чүйдө таанышын өлтүрүүгө шектелип, 41 жаштагы аял кармалды

Чүйдө таанышын өлтүрүүгө шектелип, 41 жаштагы аял кармалды

23-март, 11:49
1 301 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чүй облусунун Москва районунда таанышын өлтүрүүгө шектелип, 41 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-март күнү саат 16:30 чамасында Москва РИИБне Беловодское айылында жайгашкан үйлөрдүн биринен эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене “адам өлтүрүү” боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

“Окуя болгон жерге тергөө тобу барышканда, айтылган үйдөн 52 жаштагы жарандын киши колдуу болуп өлгөн жансыз денеси табылган. Ал бычактан жаракат алганы белгилүү болгон. Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган аял киши кармалган.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмышка шектүү деп кармалган адам менен өлтүрүлгөн адам экөөнүн мас абалда болгонуна байланыштуу чыр-чатак келип чыкканы маалым болгон. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда” деп жазылат маалыматта.

“Супер кж”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер