Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Депутат Алиярбек Абжалиев камалабы же кайып учтубу?

Депутат Алиярбек Абжалиев камалабы же кайып учтубу?

04-март, 23:10
1 101 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кудасы Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда Алиярбев Абжалиев Кудайын тааныбай кеткен эмеспи. Акчанын күчү менен 23 жаштагы баласы Токтобеков Темирлан Алиярбековичти Бишкек шаардык кеңешке депутат кылып (шаардык кеңешке депутат болуунун ставкасы 100 миң доллар деп айтышууда), эне сүтү оозунан кете элек жаш бала достору менен жайында 2019-жылы Ысык-Көлдө сайрандап жүрүп, “БМВ х7” маркасындагы 100 миң долларлык жеңил машине менен катуу келатышып, “Leksus E330” маркасындагы машинени тебелеп кетишет. “Лексустун” ичиндеги чырактай төрт баланын үчөө ошол жерден мүрт кетип, бир бала ооруканадан үзүлөт. Президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы жанында отурган айдоочу Э.Халмурзаевге “кызмат ордумдан айрылып калбайын” деп Ысык-Көлдүн МАИлери чара көрүп, жазалаганга даай албайт. Сот болсо төрт киши өлгөнүн көрүп туруп, эч нерсе болбогондой айып пул салып, айдоочуну коё берип жиберет. Президенттин кудасы Абжалиевдин баласы катышкан бул окуя ошол бойдон чара көрүлбөй калган. Төрт баланын кырчындай өмүрүн алган, алардын ата-энелеринин зар какшаган үнүн угуп, президент Садыр Жапаров башында турган жаңы бийлик бул кылмыш иши боюнча адилеттүү чечим кабыл алабы? “Башы жок бака, көзү жок көгөндөй” болуп баардыгына көз жумуп отурган Сооронбай Жээнбековдун учурундагы ушундай адилетсиз соттордун иши кайра каралып, коррупционер соттор жазаланышы күн тартибинде турган маселе.


Алиярбек Абжалиевдин иши “мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча каралабы?  

Азыр “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча УКМК катуу текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. 12 жыл бажыда иштеген Алиярбек Абжалиевдин аялына, баласына катталган 32 фирма, компанияларындагы миллиарддаган байлыгынын булактары изилденип, чара көрүлөбү, же ал “экс-президенттин кудасымын” деп эле колун Коконго, бутун Букарга сунуп жата береби? Алиярбек Абжалиев өзү мамлекеттик кызматта иштесе, анын аялы менен баласы баштапкы капиталды кайдан алган? Бажыны майкандаганы жалганбы? Кубанычбек Жумалиевдин туугандарына катталган байлыктарынын сыры ачыкка чыгып, териштирилүүдө. “Мыйзамсыз баюу” беренеси айрым жарандар үчүн эле иштейби? Эгер баардык атуулдарга талап бирдей коюлса, бажычы Алиярбек Абжалиевдин миллиарддаган байлыгынын чыккан булактары, туугандарына катталган компаниялар, фирмалар тыкыр текшерилиши зарыл.

Шорлогон элдин муң-зары жетти окшойт, УКМК Абжалиевге кылмыш ишин козгоп, бирок камакка алууга негедир даабай тургандай...


Мухтар Шатманов 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер