Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түптөгү эне короодон баласынын жансыз денесин тапты

Түптөгү эне короодон баласынын жансыз денесин тапты

03-март, 19:37
1 233 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Түп районуна караштуу Михайловка айылында 7-класста окуган өспүрүм өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ 2-март күнү саат 15:00 чамасында болгон. Маркумдун жансыз денесин биринчилерден болуп анын апасы короосунан тапкан.

«Бул бала эмне себептен өзүнүн өмүрүн кыйды?” деп айыл эли таңгалууда. Себеби, “ата-энеси менен чогуу жашап, бардык жактан жетиштүү болчу. Мектепте сабакты да жакшы окучу. Өзүн жакшы алып жүрчү” дешет айылдаштары.

ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, суицид фактысы 2-март күнү түштөн кийин катталып, Түп райондук ИИБге маалымат түшкөн.

«Михайловка айылында 7-класста окуган окуучу (эркек бала) өз өмүрүн кыйганы боюнча айыл тургундары райондук милицияга телефон чалган. Окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу барып, тийешелүү иш-чараларды өткөрдү. Бүгүнкү күндө бул факт  кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, өмүргө кол салуунун себептери аныкталып жатат» деди басма сөз катчы.

“Турмуш кж”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер