Айбек Жайлообаев Бишкек ШИИБни басып алганы үчүн жоопкерчиликке тартылабы?
ИИМдин 10-башкармалыгынын орун басары, “шойкомдуу” Айбек Жайлообаев деген МЕНТ бар. Былтыр саясатка аралашып, “Замандаш” партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан. Өтпөй калып, ал ортодо төңкөрүш болуп кетип, анын ичи бузулганын билесиңерби? “Жылан чакпай, жылкы теппей” туруп эле Бишкек ШИИБни басып алганын кантебиз? Бир күн кечке отуруп, өздүк курамга жаман көрүнүп, аягында сүрүлүп чыкканы эсибизде. Бишкек ШИИБнин орун басары Нурбек Калыкеев ачууланып, Айбек Жайлообаевди кулагынан сүйрөп, көчөгө алып чыгып койгонун коллективдегилер айтып жүрүшөт. Бул боюнча жогорку жетекчилик эмнеге баа бербейт? Айбек Жайлообаев Бишкек ШИИБни басып алганы үчүн жоопкерчиликке тартылабы? Ушундай калпыстыктарга көз жумула берип, ИИМдин баркы кетип калды го?..
"Азия Ньюс" гезити