Жубайлардын өлүмү: Түптө аялын өлтүргөн киши каза болду
Түп райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган А.А каза болду. Долон айылынын тургуну А.А. буга чейин “аялын өлтүргөн” деп шектелип жаткан. Андан кийин өз өмүрүн кыюу үчүн дарыларды ичип, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, окуяны кабарлаган адамды аныкташкан. Ал ушул эле айылдын 38 жаштагы тургуну А.Д. болуп чыкты. Анын айтымында, 9-январь күнү болжол менен саат 08:00 чамасында анын улуу агасы, 45 жаштагы А.А. уюлдук телефон аркылуу чалып, аялын – 40 жаштагы А.Г.-ны кызганычтан улам муунтуп өлтүрүп алганын билдирген. А.Д. кашарга барганда уктоочу бөлмөдөн жеңесинин жансыз денесин тапкан. Ал эми агасы дарыларды ичип, өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылып жатканын көргөн. Андан кийин окуяны милицияга кабарлаган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө белгилүү болгондой, аталган жубайлар өткөн жылдын ноябрь айында уруша кеткендиктен, эки жакта жашап жүрүшкөн. Ушул жылдын 6-январында кайра элдешип, А.Г. күйөөсүнүн жанына, кашарга барган. 9-январь күнү кызганычтан улам чыккан уруштан улам А.А. келинчегин муунтуп өлтүрүп алган. Андан кийин өзүн да өлтүрүүгө аракет кылып, дарыларды ичип алган. Бул үй-бүлөнүн артында төрт бала калды.
“Турмуш кж”