Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күч органдары абактагылар мыйзамсыз жүгүрткөн 1 млн. сомго чукул акчаны табышты

Күч органдары абактагылар мыйзамсыз жүгүрткөн 1 млн. сомго чукул акчаны табышты

18-январь, 16:47
2 124 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күч органдары жаза өтөө жайларында отургандардын кылмыштуу жол менен толтурган орток казынасынан мыйзамсыз жүгүртүлгөн 297 миң сом менен 8200 долларды алышты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти. Кылмыш жолу менен келген каражаттарды аныктоо боюнча атайын операцияга ИИМ, УКМК жана жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кирген.

“Абактардын биринде жаза өтөп жаткан 28 жаштагы К.Э. жана 33 жаштагы Т.Р. аттуу адамдар башкалардан көп убакыттан бери акча өндүрүп жүрүшкөн. Ошондой эле алар баңгизат сатуу, абак жайларынын ичинде жана сыртында кумар оюндарын уюштуруу боюнча шектелүүдө” деп айтылат билдирүүдө. Абактагылардан чогулган акча мындан тышкары "общак кассасына" жөнөтүлүп турган.

Иликтөөдө белгилүү болгондой, каражат электрондук капчыктарга салынып, кийин ар кандай кылмыш иштерин кылууга жумшалып турган. Ошондой эле бул топко кирген дагы үч адам аныкталды, алардын арасында аял киши дагы бар. Жыйынтыгында иштин фигуранттарынын жашаган дарегинен 8200 доллар, башкача айтканда, дээрлик 1 миллион сомго чукул акча табылды.

“Спутник-Кыргызстан”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер