Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мелис Аспеков Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берүүдө

Мелис Аспеков Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берүүдө

18-январь, 12:21
2 271 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кыргыз темир жолу” ишканасынан 250 миң доллар талап кылып кармалган Мелис Аспеков экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берүүдө. Жапыкеев ушул жума камакка алынышы мүмкүн. Бул тууралуу өздүк булактардан белгилүү болду.

Бизге жеткен маалыматка ылайык, Мелис Аспеков “250 миң доллардын 50 миң долларын Сыймык Жапыкеевге бергем” деп көрсөтмө берүүдө.

Эске салсак, Садыр Жапаровдун Чүй облусундагы штаб башчысымын деген Мелис Аспеков менен Улан Жураев аттуу жаран 9-январда УКМК тарабынан кармалган. УКМК буга чейин депутат Кубанычбек Жумалиевден 160 миң доллар алып кармалган адам экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысынын жардамчысы экенин жарыялаган. Бирок, бул маалымат тууралуу кенен түшүндүрмө берилбей, ишти унуткарышкан. Сыймык Жапыкеев “Чоң казат” партиясынын лидерлеринин бири. Ал 5-октябрдагы окуялардан кийин кызматка келген.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер