Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жунушалиев менен Опумбаевдин кылмыштарына качан баа берилет?

Жунушалиев менен Опумбаевдин кылмыштарына качан баа берилет?

16-январь, 22:49
3 737 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткенге болгон иш сапарында Садыр Жапаров элдин суроолоруна жооп берип жатып, Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев изделип жатканын, кылган иштери боюнча жоопкерчиликке тартыларын айткан. Андан бери эки айдан ашык убакыт өттү. Эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин күч органдары Жунушалиев менен Опумбаев боюнча үн катышпайт? Же алардын кылмыштуу аракеттерин жашыргысы келишеби? Эске салсак, 5-6-октябрдагы башаламандыкта жүздөгөн мекендештерибиз жаракат алышкан, канчасы майып болуп калышты? Үмүтбек ок жеп каза тапкан. Укуктук, саясый баа берилиши керек да! Ошондой эле беш жүзгө жакын милиция кызматкерлери да ар кандай соккуларды алышып, дарыланып чыгышканы айтылган. Дал ошол нааразычылык акциясында Жунушалиев ИИМди, Опумбаев УКМКны таштап, качып кетип атышпайбы! Бул эмне деген жорук? Мамлекеттик жогорку кызматтагы жетекчилердин мындай кылыктары кечиримсиз. Мыйзамдуу талаада жооп беришпейби? Ал эми Кой-Таш окуясы боюнча экөөнүн кылмыштары чектен ашканы жашыруун эмес, коомдук пикир катары кабылданып калды. Качан баа берилет? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер