Исхак Пирматов кайрадан коррупциялык иштеринен кутулуп кетеби?
Ушундай. Санааркаткан суроо. Атамбаевдин бийлигинин тушунда Исхак Пирматовго кылмыш иштери козголуп, коррупцияга айыпталганы белгилүү. Камалып кетерде Алтынбек Сулайманов ортого түшүп, эбегейсиз жакшылык жасаган. Экөө дос катары жүрүшүп, кийин ажырашып тынышты. Ар дайым жеңил оокатты жана шылуундукту өздөштүргөн Пирматов кийин “Биримдик” партиясына 1 миллион доллар сунуштап, парламенттик шайлоого аттанганы күбүр-шыбыр кепке айланганын кантели? Кудай жалгап, Октябрь төңкөрүшүнө күбө болдук. Башында Пирматовдун “каралардан” качып жүргөнү каңкууланса, кийин “чекисттердин” торуна түшүп, жакында УКМК кылмыш иштерин козгогону ЖМКларга жарыяланды. Эске салсак, Курманбек Бакиевдин кандуу режиминде “Кыргызнефтегазды” башкарып, мамлекетке зыян келтиргени, миллиондогон “долларбайларды” жегени эчен жолу жазылды го? Атамбаевдин доорунда Икрам шопурдун аркасынан Албек Ибраимов менен уюшуп, “Манас” эл аралык аэропортуна күйүүчү майларды ташыганы, көмүскө бизнести катырганы жалганбы? Эсепсиз байып, элдин ырыскысын шимирип келгени үчүн Кудайдан жазасын алабы? Же улам келген бийликти алдай береби? Учурдагы абалы белгисиз. Балким, көнгөн адаты менен акчанын күчүнө салып, кылмыш иштеринен кыл сууругандай бошонуп кетсечи? Көрө жаталы, эл баарын карап турат...
"Азия Ньюс" гезити