Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Депутат Дүйшөн Төрөкулов ишкердин заводун тартып алганы үчүн камалабы?
Депутат Дүйшөн Төрөкулов ишкердин заводун тартып алганы үчүн камалабы?
15-январь, 11:44
1 677 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ошто Борис Абдуллаев терини кайра иштетүүчү завод ачып, иш жандана баштаганда жергиликтүү зөөкүрлөрдүн кысымына алынган. Аны көз будамайлоо менен күчкө салышып, Кытайга депортациялап жиберишкен. Бир топ жыл коңшу мамлекеттен азап чегип, келе албай жүргөн. Мындай жагдайдан пайдаланып, Жогорку Кеңештин депутат Дүйшөн Төрөкулов заводду өз карамагына алып алганын Абдуллаев айтып берди. Бул боюнча УКМКга ишкер арызданып, чындыкка жетүүнү күтүп отурат. Сыягы, айыбы ачылган “Душка” каймана атындагы Төрөкулов мыйзам алдында жообун алып, аз күндө камакка алынабы? Бул боюнча депутат ЖМКларга ооз ача элек.
"Азия Ньюс" гезити