Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өспүрүм жигит анын сырын билбеш үчүн үй-бүлөсүн толугу менен өлтүрдү

Өспүрүм жигит анын сырын билбеш үчүн үй-бүлөсүн толугу менен өлтүрдү

13-январь, 12:22
1 587 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Канаданын Маркем шаарынын 23 жаштагы Менхаз Заман аттуу тургуну анын сырын үй-бүлөсү билип калбаш үчүн баарын өлтүрүп салган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Бангладештен Канадага көчүп барган жигиттин ата-энеси аны менен сыймыктанчу. Алар уулунун кадыр-барктуу университетте инженер кесибинде окуп жаткандыгына жана аны жаркын келечек күтүп турганына толук ишенишкен. Бирок Менхаз чындыгында эч жерде окуган эмес. Ал окууга кеттим деп күнү бою компьютердик клубда ойноп, кечинде үйүнө барчу. Анын үй-бүлөсү бул тууралуу билчү эмес.

Бүтүрүү кечесине бир күн калганда Менхаз эч нерсе билбеши үчүн түштө эс алып жаткан апасын өлтүргөн. Бир сааттай убакыт өткөндөн кийин ал чоң энесин өлтүрүп, кечинде ал жумуштан кайтып келген эжесин, түн ортосунда атасын өлтүрүп салган.

Андан кийин ал досторуна жансыз денелер менен сүрөткө түшүп жөнөткөн. Достору полицияга кабарлап, полиция кызматкерлери Менхазды үйүнөн кармаган. Менхаз бул кылмышы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылды. Ал сотто үй-бүлөсүн тааныгандардан кечирим сураган.

“Супер кж”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер