«Мага уул төрөп бербейсиң»... Ала-Букадагы 4 кыздуу келиндин өлүмү
Жалал-Абад облустук соту былтыр күздө үйүндө асынып каза болгон 33 жаштагы келиндин денесине эксгумация жүргүзүүгө уруксат берүү боюнча чечим чыгарды. Облустук сот мындай чечимди 2020-жылдын 11-декабрында кабыл алды.
Келинди өлүмгө жеткирүүгө анын жолдошунан шек санашкан. Тергөөнүн маалыматы боюнча 2020-жылдын 22-сентябрында жубайлардын ортосунда чатак чыккан. Алар Ала-Бука районуна караштуу Баймак айылында жашаган.
Маркум келиндин 1983-жылы туулган күйөөсү Учкунбек (аты өзгөртүлдү) аялын сабап, «дайыма мен айткан сөздөргө кулак салбай, мага сөз кайтарасың» деп катаал мамиле кылып, «мага уул төрөп бербейсиң» деп кадыр-баркын кемсинтип жүргөн. Анын натыйжасында аялы 2020-жылдын 23-сентябрында үйүнүн короосундагы жүзүм кармоочу устунга жип менен асынып каза болгон.
Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын 15-октябрдагы корутундусуна ылайык, маркум келин денесинен жеңил жаракат алгандыгы жана асынып алуудан улам каза болгондугу такталган. Бул факты боюнча сотко чейинки иликтөө башталып, 2020-жылдын 7-ноябрында маркумдун жакыны П.А. комиссиялык экспертиза дайындоо жөнүндө өтүнүч келтирип, келиндин жансыз денесине эксгумация жүргүзүүгө макулдугун берген. Бирок Аксы райондук соту 2020-жылдын 20-ноябрындагы токтому менен бул суранычты канааттандырган эмес. Алар облустук сотко кайрылып, Жалал-Абад облустук соту эксгумация жүргүзүүгө уруксат берүү боюнча чечим чыгарды.