Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » ИИМдин изкубарлары адам өлтүргөн, экстремизмди жайылткан качкынды кармашты

ИИМдин изкубарлары адам өлтүргөн, экстремизмди жайылткан качкынды кармашты

07-январь, 20:09
2 978 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өзбекстан Республикасынын жараны Нодирбек Ганиев чейрек кылымдан бери Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун аймагында жасалма паспорт менен изин жашырып жүргөн. Ал өз жеринде таанышын өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн (!) деп шектелүүдө. Ал эле эмес, кыргыз милиция кызматкерлеринин дагы бул адамга көп суроолору бар экендиги аныкталды. Бул качкын башка өлкөдө жөн жүрбөстөн, «Хизб-ут Тахрир аль-Ислами» экстремисттик идеяларды жайылтууга дагы шектелүүдө.

Биз бул туурасында КР ИИМдин экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча бөлүмүн башчысы Рысбек Дуйшебаев мындайча ой бөлүштү.

-- Бул адамды эки жылдан бери издеп жүрөбүз. Эмнеге мынча узак дейсизби? Бул Кыргызстанда Дилмуроджон Рахматуллаев деген жасалма паспорт менен жашап, өзүн жакшы жагынан көрсөтө алган. Бул жерде анын үй-бүлөсү, эки баласы бар. Ал базарда жер-жемиш жана кондитер азыктарын сатып, үй-бүлөсүн бакчу. Бирок, тилекке каршы, бул адам эки жүздүү болгон. Мындан алты жыл мурун эле Кара-Балтада жаштар дайынсыз жоголо баштаган. Балдар жана кыздар чет өлкөгө окууга кетип, натыйжада андан ары Сирияга кеткен учурлар болду. “Бул жашыруун мыйзамсыз жөнөтүүлөргө жергиликтүү экстремисттердин катыштыгы бар” деген маалыматтар бизде бар болчу. Алардын арасында биздин качкын дагы бар. Бирок, ал учурда анын тийешелүүлүгү далилденген эмес. Эми ал кармалгандан кийин жарандарды экстремисттик ишке тартуу жана Сирияга жөнөтүү фактыларын аныктайбыз, - дейт милициянын полковниги.

Биз менен маек курган милициянын полковниги мага алдын ала иликтөөнүн материалдарын көрсөттү. Экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы кызматкерлер 1995-жылдын декабрында Өзбекстандын Хакулабад шаарында адам өлтүрүү болгондугун так аныктай алышкан. Жергиликтүү ооруканага катуу сабалган эркек киши оор абалда түшкөн. Жабыр тарткан адамдын абалы өтө оор болгондуктан, өзүнө келбей каза болгон. Өзбекстандын тартип сакчылары каза болгон адамдын айланасындагыларды иликтөө иштеринин натыйжасында, тез эле болжолдуу кылмышкердин изине түшүшкөн. Бирок, 25 жыл мурун аны кармай алышкан эмес.

Иликтөөгө ылайык, Нодирбек Ганиев изин жашыруу максатында өзүнүн туугандарынын жардамы менен Кыргыз Республикасынын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Ош облусунун аймагында бир жылга жакын жашынып жүргөн. Бирок, өз мекенине чек аранын жакындыгы аны тынчсыздандырып турган. Мына ошол учурда ал Кыргызстандын ортосуна барууну чечкен. Ишенимдүү документсиз бул кооптуу эле. Документтерди текшерүүдө милиция кайгуулу өздүгүн аныктоо үчүн аны кармап алышы мүмкүн эле. Андан кийин Өзбекстанга экстрадициялоо бат эле болмок. Шектүү бул убакка чейин жашырынып жүргөн. Кээде апасы менен гана телефон аркылуу сүйлөшүп турган. Алардын сүйлөшүүлөрү кыска жана баардык этияттык чаралары сакталган. Анткени, эки өлкөнүн атайын кызматтары алардын сүйлөшүүлөрүн билип калуу коркунучу бар эле. Ошол учурда Кыргызстанда жүрүү үчүн шек жаратпаган жаңы документ жасатуу идеясы пайда болгон. Буга анын эң жакын адамы жардам берген.

Бул жерде биз кайрадан тергөө материалдарына көңүл бурабыз – 1996-жылдын 6-ноябрында Нодирбектин апасы Жалал-Абад облусуна келген. Ал Ноокен районундагы паспорт бөлүмүнүн кызматкерлери менен сүйлөшүп, баласына кыргыз паспортун алып берген. Бүгүнкү күндө жасалма паспорт берген бул адамдарга карата иликтөө иштери башталды.

Дилмуроджон Рахматуллаев Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 1996-жылы пайда болгон. Ыкчам өкүлдүн сөзү боюнча ошол күндөн баштап өзүн коопсуз сезип, экстремизм жана терроризм идеяларын жайылтып баштаган. Көп өтпөй анын дал ушул “күжүрмөндүүлүгү” экстремизге каршы күрөшчүлөрдүн көзүнө чалдыккан. Ал өзүнүн кадамдарына карата сырттан болгон кызыгууларды сезип, коркуп, кооптоно баштаган. Жыйынтыгында, тезинен үй-бүлөлүк очогун таштап, жашыруун жерге кетет.   

-- Ал бир айдын ичинде ижарага берилүүчү бир нече батир алмаштырып турган. Биз анын жашаган жерин билип, бирок, ал жерден изин суутуп кеткенден кийин гана аныктап жаттык. Биз баргандан жарым саат мурун кетип калган учурлар болду. Андагылардын айтканындай, ашканадагы куюлган чайы да муздаганга үлгүрбөй калган. Биз болгон күч-аракетибизди анын байланыш чөйрөсүн тактоого жумшадык. Ал Кыргызстанды таштап кетип, бир кыйла жайлуураак орунга – Казакстанга же Россияга өтүп кетүүгө аракеттениши мүмкүн болчу. Бирок, ал үчүн убакыт жана жаңы документ керек болгон. Анда булар жок эле. Көп өтпөй, биз шектүү адам өзүнүн таанышыныкында жашынып жаткандыгы тууралуу маалымат алдык. Өзүн ал жакта кылдаттык менен алып жүргөн, көчөгө дээрлик чыккан эмес. Үйдүн ээси иште жүргөндө, Нодирбек анын кичинекей балдарын карап турган, - дейт бул операцияга катышкан ыкчам өкүлдөр. -- Биз аны камакка алууга даярдана баштадык. Милиция спецназдарынын кызматкерлерин тартуу менен үйгө күч менен кирүү мүмкүн эмес болчу. Анткени, шектүү өзүн кандай алып жүрөрү белгисиз болчу. Мындан тышкары, ошол үйдө турган балдардын өмүрүнө коркунуч келтирүү да мүмкүн эмес эле. Издөөчүлөр (сыщики) шектүүнү көчөгө алдап чыгуунун жолун издеп башташты. Алар колдонгон айла-амалдарынын баарын ачыкка чыгарышкан жок. Жыйынтыгында, бул эки жылдык криминалдуу тарыхтын аягы аша чабуусуз жана татаалдаштыруусуз өттү.  

Эң акырында гана шектүү коркунучту сезди. Алтургай ал ага чуркап барган ыкчам өкүлдөргө каршылык көрсөтүүгө аракет кылган. Бирок, самбонун ыкмасына салып, шектүү адамды көтөрүп чабылган жана камакка алынган, - деп милиционер сөзүн улантты.

2020-жылдын декабрь айынын акыркы күндөрүндө Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Н.Ганиевге карата эки айлык мөөнөткө бөгөт коюу чарасы тандалган.  

Биздин маегибиздин аягында ыкчам өкүл качкын акыркы айларда Кыргызстандагы болгон изин күжүрмөн жана толук кандуу жогорку чеберчиликте   жашыргандыгын мойнуна алды. Ал мыйзамсыз аракеттерине негиз болчу баардык документтерин – паспортун, айдоочулук күбөлүгүн, тыюу салынган адабияттарды жок кылган. Бирок, баары бир тергөө органы ага карата мамлекеттик чек араны кесип өткөндүгү жана жасалма паспорт менен жашап жүргөндүгү үчүн кылмыш ишин козгоду. Өзбекстандын атайын кызматынын өкүлдөрү качкындын иш-аракетине олуттуу мамиле кылууда. Ганиевди үйүнө экстрадициялоо маселеси чечилүүдө. Бул таптакыр башка окуя.


24.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер